Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев сөз ээрчитпей көздөн далдаа жүрсө не?

Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев сөз ээрчитпей көздөн далдаа жүрсө не?

30-март, 15:18
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармак дуулдап эле жатып калды. Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишкансына жетекчи болгонун ЖМКлар жазып чыгышты. Сын-пикирлер арбын айтылып, коомчулукка “жем” ташталды. Эске салсак, 2020-жылы жаңы бийлик келгенден кийин Турусбек Түмөнбаев “Унаа” мамлекеттик мекемесине начальник боло коюп, көп узабай чуулганга кабылып, кызматтан кеткен. Учурда кайрадан ээрге конуп отурат. Негизи президенттин кудасы болуунун да жүгү бар. Арттан сөз ээрчитпей бизнес айдыңында шугулдана берсе, ташы өйдө кулап, миллионерге айланмак да. Ансыз да турмушу байбачалардай эмеспи. “Сыйыбызды сактап, сөзгө калтырбайын. Эл карап турат...” деп көздөн далдаа жүрсө не? Ооба, ушундай ойдун желаргысы келип атпайбы. Каржалып турган калк эмне дейт? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер