Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкектиктерди чочуткан питон жылан кайдан келген?
Бишкектиктерди чочуткан питон жылан кайдан келген?
04-июнь, 12:06
768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Интернет колдонуучулар арасында бир топ талкуу жаратып, шаарда мындай жылан кантип эркиндикте жүргөндүгү боюнча ар кандай божомолдор айтылган.
Көп өтпөй жылан ал жерде кандайча пайда болгонун жаныбарга ээлик кылган зоопарк түшүндүрүп берди. Көрсө, сойлоп жүрүүчү жаныбарды соода борборунун ичинде жайгашкан зоопарктын кызматкерлери сейилдөөгө алып чыккан экен.
“Күн жылуу кезде жаныбарларды сыртка чыгаруу керек. Көпчүлүгүн тоого атайын жайларга жеткиребиз. Мүмкүн болбогондорду бул жактан сыртка алып чыгабыз. Бирок баарын эмес, кескелдирик, енот, майда жыландарды гана” деп айтылган билдирүүдө.
"Азия Ньюс" гезити