Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коңшу мамлекеттерден кандай үлгү алсак болот?

Коңшу мамлекеттерден кандай үлгү алсак болот?

27-сентябрь, 18:36
302 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өзбекстан, Казакстанга инвестициянын агылып атканы суктандырып келет. Коңшу мамлекеттерден кандай үлгү алсак болот?

Төлөнбек Абдыров, экономика илимдеринин доктору, профессор:

-- Негизи Өзбекстан менен Казакстандын экономикасы кыйла күчтүүрөк, абдан туруктуу болуп саналып келген. Акыркы кездерде карап турсак, айрыкча Өбекстандын экономикасы негизи эле деңгээли күчтүү. Мирзиёев президент болуп келгенден бери инвестиция тартууга жакшы шарттарды түзүп берип жатат. Негизи ишкерлер үчүн шартты жакшы түзүп берип, “алардын өнүгүшүнө эч тоскоолдук болбосун” деп мамлекет деңгээлинде бир топ чаралар көрүлгөн. Ошондуктан Борбор Азиянын ишкерлери Өзбекстанга кетип, ал жактан ишканаларын ачып алышат. Негизи эле Өзбекстан акыркы кездерде кошуналар менен тыгыз байланыштарды түзүп, көп аракеттерди жасоодо. Кыргызстанга да “Кыргызстан-Өзбекстан” өнүгүү фондусун ачып, бизге жардамдашып, унаа чыгаруучу ишканаларды ачтырып, жакшы инвестицияларды салганын байкап жатабыз. Акыркы кездери Афганистанга инвестиция жумшап, ал жакка да бир топ өндүрүш компанияларын ачып, жардам берип жаткан кездери. Инвестицияларды тартуу, өндүрүш тармагын өнүктүрүү иштери боюнча Өзбекстандан бир топ үлгү алсак болот.

Бакыт Дегенбаев, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү фондусунун жетекчиси: 

-- “Казакстан менен Өзбекстан аябай алдыга чыгып кетти” деп айталбайм, бизде деле жакшы иштер бар. Мисалы, мындан бир канча ай мурун Европада энергетика тармагында өкмөттүк деңгээлде жакшы роут-шоу өткөрдүк. Менимче, аябай ийгиликтүү болду. Европада офиси болгон эл аралык фонддор, уюмдар – баары катышты. Бийликтегилер да катышты. Анын жыйынтыгы сөзсүз болот, мен ага толук ишенем. Ага чейин өкмөт башчысы Акылбек Жапаров Нью-Йоркко барып, өзү делегация жетектеп, чоң каржы уюмдарынын башчылары менен жолугуп келген. Анын натыйжасын келечекте көрөбүз. Ошондой деңгээлдеги жумуштар аябай сапаттуу жана эффективдүү уюштурулуп, аткарылып келе жатат. 

Жакында Москвада эл аралык тамак-аш көргөзмөсү болот. Бул жылда кайталанат. Москва-фудда Кыргызстан биринчи жолу павильон куруп, мамлекеттик деңгээлдеги жакшы экспедиция кылды. Ошол жерде бизден системалык түрдө компаниялар чогулуп, жалпы Кыргызстандын атынан катышып келишти. Алардын айтымында, Кыргызстандын павильону топ 5 өлкөнүн ичине кирди. Анын ичинде Өзбекстан дагы бар. Алжирдики абдан мыкты болгон. Ал жерге Казакстан барбаптыр. Ушундай көргөзмөлөрдө да өлкө үчүн, жалпы компаниялар үчүн да инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ушундай ыңгайды колдон чыгарбоо керек. 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер