Күйөөмдүн башка аялдан баласы бар экенин угуп, азап тартып жүрөм

Биз 15 жыл бирге жашадык. Мен чоң сүйүүм менен эмес, жөн эле жолдошума кызыгып турмушка чыккан элем. Экөөбүздүн эки балабыз бар. Жакында күйөөмдүн башка аялдан дагы бир баласы бар экенин билдим. Бул мага өтө оор тийди, бирок чатак чыгарган жокмун. Ызы-чуу салуу пайдасыз эмеспи, шашылыш чечим чыгарбоо үчүн убакыт керек эле. Ошондон бери бир нече ай өттү, бирок жүрөгүм ооруп, бир кызыктай абалда жүрөм.
Азыркы учурда акчаны катуу үнөмдөп жатам. Ата-энеме кайтууну каалабайм, өзүмдүн жетиштүү каражатым болгондо гана кетип калууну чечтим. Бул басмырлоону, мындай тозокту көтөрүп жүрүү ден соолугума зыян гана алып келет. Күйөөмдүн саткындыгы жөнүндө билүү канчалык оор экенин айтуу мүмкүн эмес. Экөөбүздүн мамилебиз таптакыр муздап калды. Бири-бирибизден алыстап кеттик. Ал да аябай ачуулуу болуп калды. Албетте, анткени анын мойнуна дагы бир чоң жүк бар. Туруштук бере албай ачууланат. Бирок менин көңүлүм калды.
Үмүтай