Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев: “Бийликтегилерге эскертүү: март айы менен күзгү мезгил кооптуу болот”

Жанар Кадыралиев: “Бийликтегилерге эскертүү: март айы менен күзгү мезгил кооптуу болот”

07-январь, 09:30
1 535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, кирип келген 2022-жыл кандай жылдардан болот? Кыргыз саясатында эмне жаңылыктар коштолушу мүмкүн?

-- Азыркы убакта көрүп атасыздар, ар ким ар башкача божомол маалыматтарды таркатып, “кыргыз коомчулугу, анын ичинде саясаты... 2022-жылы мындай болот, тигиндей болот” деп айтышууда. Алардан артыкчылыгы – биз берген маалыматтар чындыкка дал келет же өтө жакын болот. Бул эми мактаныч эмес, буга чейинкилерибиз далил болуп келген. Анын баарын коомчулук билип эле калды. Эми 2022-жылга келели. Мен орчундууларына гана токтолоюн. 2022-жылы сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары өтө кооптуу айлардан болот. Марс менен Нептун планеталарынын абдан чыңалуу абалы жерге катуу таасирин берет. Бирок, “күз айлары кооптуу экен” деп жатып албаш керек. Ага чейин жаз айларында, тактап айтканда, Нооруз күндөрүнүн айланасында кооптуу абалдар байкалат. 20-марттан баштап 27-мартка чейин созулат. Бу жерде бийлик башындагыларга эскертүү берип кетишибиз керек. Ушул күндөрү элдин каалоосуна каршы чыккан чечимдерди кабыл албай, элдин бийликке болгон агрессиясын ойготпогон оң. Эгер агрессиясын ойготуп, козутуп ийсе, анда аларга кыйын болуп калат. 

-- Мындай учурда бийлик тарап эмне кылыш керек? Ансыз да экономикабыз чабал, азык-түлүк кымбаттагандан кымбаттап атат. Эл менен бийлик ортосунда күтүүсүздөн чыккан жаңжалга чет элдиктер от жагып ийиши ыктымал эмеспи? Анан баягы таз кейпибизди кийип кала беребизби?

-- Бийлик башындагылар элдин жүйөлүү талаптарын угуп, оппозиция маанайындагы лидерлер менен диалогго барып, жаралган маселелерди, суроолорду, алардын басымдуу бөлүгүн аткарып берсин. 

-- Ошол эле учурда бийликтин тарапташтары чыга калып антимитинг кылып ийчү эле. Бу жагы кандай болот?

-- Эл козголуп чыга турган болсо, бийлик сиз айткан антимитинг кыла турган жагдайды жаратса, анда граждандык согуш чыгып кетүү абалына такалат. “Жаман айтпай жакшы жок” дейт. Ошон үчүн антимитинг дегенди кан буугандай токтотуу абзел. 

-- Жакшы жашоону жоромолго кошпойсузбу же ал жокпу?

-- Мен эми жаз-күз айларындагы кооптуу жагдайларга токтолдум. Албетте, калган учурларда токчулуктун, молчулуктун, барчылыктын заманы болот. Кыргыз эли эч кыжалат болбой, так секирип тирлигин кыла берсин. Жалпы калкыбыз үчүн жолборс жылы жакшы жылдардан болот, алгылыктуу саясый өзгөрүүлөр күтүп турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер