Тажрыйбасыз Дылдаев БМУнун “дыңын” буза албайбы?


Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине (БМУ) ректор катары Мирлан Дылдаев дайындалган. «Балам жинди болсо дагы бою узун...» деген лакапты билесиңерби? Анын сыңарындай, бул жигиттин мурда-кийин каякта иштегенин, эмнени кыйратканын биле албадык, билгенибиз Ысык-Көл облусунун Түп районунун кулуну экен. Өмүр баянын карап туруп эле «а-а, түптүк экен, ушуну ректор кылалы» деп эле бекитип коюшканбы? Адаттагы жогору жактагы үлкөндөр. Мейли коё берсин, анысына ичкүйдүлүгүбүз жок, бирок жетекчилик тажрыйбасы топтоголок эле «нөлдөй» немени бакандай окуу жайга ректор кылып алып келүү ири жамаатты шылдыңдагандык эмеспи?! Айталы, 16-сентябрь күнү окуу жылынын расмий ачылыш аземинде Мирлан Муктарович кагазга жазылган куттуктоону баш көтөрбөй окуп, андан кийин декандарды жамаатка жана студенттерге тааныштыруу бөлүгүнө келгенде орусча же кыргызча тыңыраак сүйлөй албай, уят болгонун кантип жашырабыз? Бул жетекчи менен аталган окуу жайдын сапатын көтөрүү кыйын го?.. “Өз короомдон теке салам” саясатынан алсак, же чийки Дылдаевдин чабалдыгы БМУну жарга такап салбайбы? Айтмакчы, эки тилде ташка тамга баскандай сүйлөгөн Абдылда Мусаевге (экс-ректор) көнүп калган жамаат “дың” буза албаган Дылдаевге таңгалып бүтө албай жатышат го? Эрксизден баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити











