Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги аскер бөлүктүн жоокерлери массалык кургак учукка кабылды

Бишкектеги аскер бөлүктүн жоокерлери массалык кургак учукка кабылды

15-март, 12:16
877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги зениттик-ракеталык аскер бөлүктө кызмат өтөгөн жоокерлер массалык түрдө кургак учук жуктуруп алган. Бул тууралуу жугуштуу ооруга чалдыккан аскердин биринин атасы кабарлаган.

Анын айтымында, акыркы эки ай аралыгында аталган аскер бөлүктөгү 10дон ашуун жоокерден кургак учук оорусу аныкталган. “Бүгүн ата-энелер чогулуп жатабыз, жоокерлер ар кандай, кээ бири бир ай мурун, кээ бири андан бери, айтор, аз убакытта 10дон ашуун жоокер кургак учукка кабылганы билинген. Угушубузча, курак учук менен ооруган бир жоокерди карантинге чыгарып, башкалардан оолак дарылоо, тийешелүү ооруканаларга жаткыруу болгон эмес. Биз тактап туруп маалымат беребиз, коомчулук билсин” деди аты-жөнүн атоодон кармаган жаран.

Бул боюнча азырынча коргоо министрлиги менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

 informator.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер