Тергөө иши адилет уюштурулса, Жарасул Абдураимовдо эч кандай көйгөй жаралбайт

Бир жумадан бери ЖМКда катуу сөз болуп жаткан “Кыргызиндустрия” МАКнун мурдагы башчысы Абдураимов Жарасул Осмоналиевичтин тагдыры боюнча кеп болмокчу. Бул инсан менин бир тууган иним. Менден 4 жаш кичүү. Кесиби инженер-машина куруучу. Урал политехникалык институтунун (Россиянын мурдагы Свердловск, азыркы Екатеринбург шаары) бүтүрүүчүсү. Өмүр бою өндүрүш тармагында эмгектенип келет. 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун буйругу менен анын өз колунан “Кыргыз Республикасынын өдүрүшүнө эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам алган. Инимдин көп жылдык эмгеги кеч болсо да татыктуу бааланганына сүйүнгөнбүз. Анткени, Жарасул 1985-жылдан бери эле мекенибиздин өндүрүш тармагында талыкпай эмгектенип келет. Эми минтип, биз жакындары үчүн капысынан эле ал Кылмыш-жаза кодексинин өтө оор беренеси менен коррупционер катары айыпталып отурат. Бул окуяны мен көпчүлүк ишене бербеген, бирок көңүл оорутуучу окуя катары кабыл алдым. Анткени, жаңыдан эле түзүлгөн, максаты өлкөбүздүн өндүрүшүн оң жолго салууга багыт алган “Кыргызиндустрия” мамлекеттик мекемеси кандай оор шартта жок жерден (нөлдөн) эле башталып, анан акырындыкта калыптануусун өз көзүм менен көрүп, көкүрөгүм менен туюп келгем. Мурдагы атактуу Ленин заводунун ичинде жайгашкан алгачкы өндүрүштүк кадамдарын айтып отурсаң көпчүлүк адамдар ишенбейт. Атом бомбасы аркылуу талкаланган кейиптеги ишкананын абалын көрүп, мен инимин чоң тобокелдикке эмнеге барып жатканына таңкалгамын. Скептикалык жана тынчсызданган пикирлеримди айтууга да үлгүргөм. Бирок, табиятынан өндүрүш десе “ичкен ашын жерге коюп жүгүргөн” кургур иним мени жубатып, “өндүрүшүбүздү көтөрбөсөк келечегибиз жоголот, бул деген президентибиздин мага болгон ишеними жана тапшырмасы” деп койгон. Күнү-түнү иштеди. Кээ бир бюрократ “чоң” болумуштарга жаман көрүндү. Өжөрлөндү, изденди. Россиянын бир нече шаарларындагы алдыңкы ишканаларды бутуна тургузушкан мурдагы курсташ-группалаштарына байланышып, бир нече ири жана реалдуу долбоорлорду алып келе баштады. Ушундай эле алакаларды Кытай, Италия өңдүү өндүрүшчүл өлкөлөр менен жасады. Алар дагы бир нече профилдик биргелешкен ишканаларды ачышты. Биз мындай кадамдарына сүйүнүп эле жатканбыз. Ийгилик каалаганбыз. Алтургай президент өзү баш болгон бир нече аткаруу бийлигинин жооптуу төбөлдөрү “Кыргызиндустрияны” жеринен көрүшүп, колдоп келишкен. Сын-пикирлерин айтышкан. Ушундай эле иш сапарлар парламенттин депутаттары аркылуу да уюштурулган эмеспи. Анан эмне болду? Капысынан эле Жарасул Осмоналиевич коркунучтуу кылмышкер, айлакер коррупционер катары чыга келди! Азыр ал тергөө камагына алынып, кээ бир “таланттуу калемгерлер, блогерлер” аркылуу “жерден алып көргө, көрдөн алып жерге” чапкыланып жатып калды! Мен бир тууган инимди сыйкырдуу өндүрүшчү же идеалдуу феномен деп көкөлөтүп мактагым келбейт, бирок ким эле кандаш-жатындашына жамандык кааласын? Бирок, бир нерсеге көзүм жетип эле турат. Эгерде тергөө иши калыс жана адилет уюштурулса, Жарасулда эч кандай көйгөй жаралбайт. Мен буга бекем ишенем. Ал өз өмүрүндө “Дастан”, “Жанар”, “Кристалл” өндүү заводдордо алынын жетишинче иштеп келди. Жөнөкөй инженерден баштап, жетекчиликтерге чейин жетти. Ишканалардан бир тетикти да менчиктештирип алган жок. Жашаган шарты жупуну, ким кааласа чай ичкенче үйүнө барып көрсө болот. Ошол кезде дагы ичи тар, кекчил адамдар көралбай бир топ иштерге кириптер кылышкан. Бирок, ар дайым жүзү жарык болуп, татаал сынактардан татыктуу чыгып жүрдү. Бул жолу деле Жараткандын сынагы окшойт!
Мен өзүм тажрыйбалуу саясатчы, катардагы окумуштуу, мекен үчүн жанымды аябаган киши катары президент Садыр Жапаровдун жана генерал Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы белсенип киришишкен саясатын ачык колдоп, ЖМК каражаттары аркылуу тынбай жазып келем. Аны кыргызстандыктардын баары билишет. УКМКнын айып таккан дооматын абдан кунт коюу менен окуп жатабыз. Алар деле чындык деген пенделер. Туура түшүнөбүз. Анан менин бир тууган иним чынында эле коррупционер аталса, аны аяп, эки жүздүүлүк кылып кубулуп калмак белем? Айыбы болсо, мыйзам алдында катуу жооп берет! Ал эми тергөө учурунда ушул түзүлгөн жагдайдын авторлору кимдер экендиги дагы билинип калар (!) деген ой-пикирлер, далилдүү материалдар бар. Биздин юристтер иштеп жатышат. Ошондуктан, кээ бир урматтуу, анан калса өтө эле “акылдуу, каардуу айыптагыч” болуп алышкан мекендештериме кайрыларым: Тергөө иштери эми башталды. Андан кийин соту да болоор. Мыйзам боюнча соттун чечиминен кийин гана адамдын айыптуулугу жөнүндө каалагандай сөз кылыңыздар. Ушул туура. Сабырдуу болуңуздар. Мындай оор айып эч кимиңиздердин башыңыздарга түшпөсүн! “Көсөмдөр көбөйүп, көмөкчүлөр азайган” заманда деги эле өндүрүш иши алга жылган эмес.
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити