Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт”. Орунтаевдин орунсуз сөзү...

“Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт”. Орунтаевдин орунсуз сөзү...

22-май, 21:20
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармакта министр Нурдан Орунтаевдин сөгүнгөнү талкууга алынып, бийликтин аброюна сөз тийди. Бул эргулду тескеп, тарбияга чакырып коюш керек го? Эфирге тартылып атып да эч кимди көзгө илбей, уят сөздөр менен кызматкерлерди тилдеп, кекетип-мокоткону кайсы логикага сыят? Жетекчи деген акыл-эстүү, маданияттуу болушу парз. Тилекке каршы, азыркы чиновниктер ушунчалык көөп, коомчулукту көзгө илбей богооздонуп калышканы өкүндүрөт. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөгүнүп пиар кылгандан бери көп убакыт өтө элек. Натыйжада, ал “эстафетаны” Нурдан Орунтаев улантты. Булар элдин аркасы менен ушул даражага жетишип, айлык алышып, ичип-жешип, комфорт жашоого жетип отурушат го? Анан баарыбызды сөккөндөй мамиле кылышканы түшүнүксүз. Ушундай оозунан “бок-сак” чыккан аткаминерлерге карата кызматтык жаза каралыш керек да. “Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт” дейт. Жөн жерден айтылган эмеспи?    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер