Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо 50 жашка толмок

Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо 50 жашка толмок

09-сентябрь, 21:47
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Театр жана кино жылдызы, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын мурдагы көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо 8-сентябрда туура 50 жашка толмок. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты.

"Кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек кылган инсандардын бири, чыгаан режиссер, КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо 8-сентябрда  туура 50 жашка толмок... Жаткан жериңиз жайлуу болсун, бейиштик болуңуз!” дейт алар.  

Марат Козукеев 1970-жылы чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган.
 
Ал 1988-1992-жылдары Н.К.Черкасов атындагы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. 1992-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөрдүн театрында эмгектенген. 1993-жылдан тарта  Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актёру, режиссеру, акыркы кездерде көркөм жетекчиси болгон.


“Фабула”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер