Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясый талаа тазаланып, күздө парламентке шайлоо болору айтылууда
Саясый талаа тазаланып, күздө парламентке шайлоо болору айтылууда
14-май, 22:28

Ушундай. Күздө парламенттик шайлоо болобу? Бул боюнча жаңы мыйзам да кабыл алынды. Учурда депутаттар чабагандап калышты, алар округдарына тынымсыз катташып, шайлоочуларына оюн-зоок уюштурушуп, тамак беришип, ар түрдүү амалдарды жасашууда. Мындай аракеттерден улам күздө аламанга чыгышабы? Саясый талаа тазаланып, ыңгайы келип турганда Жогорку Кеңешке шайлоону жарыялап коюшу мүмкүн. Ансыз деле бир жылдан ашыгыраак убакыт калды. Кантсе дагы жыл соңунда “алакан ушалап калышары” да бекер айтылбагандыр...
"Азия Ньюс" гезити