Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коомчулук бийликтин кайсы катмарына нааразы?

Коомчулук бийликтин кайсы катмарына нааразы?

24-январь, 13:17
697 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бийликтеги кайсы министрликтердин ишине нааразысыз, эмне себептен?” деген собол менен коомдук ишмерлерге, эл алдында жүргөн адамдарга кайрылдык. 


Айнура АСКАРОВА, ЖК депутаты:

-- Саламаттык сактоо министрлигине эл, анын ичинде мен да нааразымын. Эч кандай реформа жүргөн жок. Ордо калаабыздын көчөлөрүнө аптека толуп кеткен. Бул аптекалар жөнөкөй жарандарга кол жетерлик болуп кеткен жок. Бүгүнкү күндө гепатит маселеси аябай орчундуу болуп турган кез. Жадагалса ошого каршы вакцина менен камсыз кыла албай атышат. Мага республикалык бейтапканалар, Токмок шаарынын тургундары кайрылып, ыйлап келип атышат. Дагы бир көйгөй: ар бир ооруканада лифттин жоктугу, бар болсо да иштебей турганы жанды кейитет. Айрыкча ДТП болгон учурда араң турган бейтапты шалкылдатып замбилге салып сүйрөп жөнөшөт экен. Операция болгондон кийин кайра замбилге салып алып ташышат. Өткөндө бир эже ыйлады, “операция болгону бир тең, замбил менен түшкөнүм бир тең” деп. Бул боюнча министрдин өзүнөн “тендер өткөрүптүрсүңөр, эмне болду? Лифттерди оңдобойсуңарбы? Донорлор деле бар экен” десем, “ушул жылдын башында бюджетке кирет, ал-бул” деп кайпактады. Ал эми жеке менчик санбаклабораториялар боюнча да кошумчалап кетейин. Илгери кандын группасын акча төлөбөй эле аныкташчу. Азыр 500 сомдон ылдый анализ жок. Карапайым элди саламаттык сактоо жагындагы баалар эзип салды. Мамлекеттик деңгээлде реформалык саясатты көргөн жокмун.


Клара АЖЫБЕКОВА, коомдук ишмер:

-- Биздеги министрликтер бири-биринен эч айырмасы жок, баары окшош. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон, реформа кыла турган бирөөсүн да көрбөй турам. Жок дегенде бир министр же чиновник иш кылып атса көрөт элек да. СССР кайра келмейин биздин мамлекет оңолбойт. Айтты-айтпады дебегиле, СССР келет. Жеке менчик улутташат. Акысыз билим берүү, акысыз медицина калыбына келип, баары ордуна келет. Буржуазиялык система элге каршы иштөөдө. Мен айтып аткан билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтери өтүктүн такасынан ылдый түшүп кетти. Өзгөчө саламаттык сактоо министрлигин өлтүрүштү, талкалашты! Адискөй кесиптеги доктурлардын баарын жоготуп атат, “жалпы үй-бүлөлүк доктур” демиш болуп. Эгер саламаттык сактоо министрлиги реформа жасап жатса, ал элге каршы иштеп атат. ЦРУнун реформасы.


Назгүл МАМЫТОВА, журналист:

-- Эң биринчиден, спикер Дастан Жумабековдун сабатсыздыгы жана ошого окшогон депутаттар жанды кашайтат! Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге ичим чыкпайт. Медицина тармагында реалдуу реформаларды жасай алган жок! Медицинанын түбүнө жеткени калды. Билим берүү министри Каныбек Исаков деле чечкиндүү кадамдарга баралбай, улам-улам артты кылчактап карап аткан сыяктуу. Мамлекеттик сыйлыктар өтө эле көп берилип жатат, баары эле “эмгек сиңирген артист”, “эл артисти”, “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” болуп кетишти. Жөн адам калбай калат го...    


Төлөйкан ИСМАИЛОВА, укук коргоочу:

-- Укук коргоо институттардын баарына жана башкы прокуратурага нааразымын. Анткени, колундагы полномочиелерин иштетпей, зордук-зомбулук күчөп атат. Алсак, 16 жаштагы кызды апкелип алып, күнүнө 20дай зөөкүрлөрдү киргизип, ал байкушту жанчып, эзип, эми акыйкаттык табылбай, эми уялбай “үч айдан бери изилдеп, тергөө амалдарын жасай албай жатабыз” дейт. Бул эмне деген бийлик? Милиция, ИИМ, УКМК, башкы прокуратура – булар аябай таза, статусу бийик жана маяналары жакшы болушу керек. Болбоду дегенде ушул жагынан реформа жасаса болот беле? 7 миң сом айлык кимге жетет? Ошон үчүн коррупцияга малынып, жабыркаган адамдарды коргобой эле “канткенде акча табам? Кантип үй-бүлөмдү багам?” деген жашоону улантып атышат. Мындан сырткары, ИВСте бир да адам өлбөш керек эле. А бизде өлүп калып атат. Өкмөттүк укук коргоо институттар адамдын коопсуздугун сактабай, кайта өлтүрүп атышса, кылмышкерден эмне айырмасы бар? Конституция кайда?.. 


Ирина КАРАМУШКИНА, ЖК депутаты:

-- Укук коргоо органдары, министрлик эч бир реформа кылганын көрбөй атам. Милиция катардагы жаранды коргомок тургай, жазалоого өтүп алышты. Министр өзү каякты карап отурганы белгисиз. “Реформа кылып атабыз” дешет. Эмне үчүн адискөй кесиптин ээлерин кызматка тартпайт? Эмне үчүн тажрыйбасы бар кызматкерлер ишсиз жүрөт? Мүчүлүштүктөр көп. Анын чекесин Кой-Таш операциясынан көрдүк го. Менимче, ИИМ бүгүнкү күндө министрликтердин рейтинги боюнча аркасынан биринчи орунду эч кимге бербей келатат. “Коопсуз шаар” долбоору элдин кыжырын кайнатып бүтүрдү. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер