Ата журттун улуттук идеологиясы
(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)
12. Маданият – улуттун жүзү
Биз дүйнө элдерине, мамлекеттерине өзүбүздүн улуттук жүзүбүз, улуттук маданиятыбыз менен кызыктуубуз. Маселен, чет өлкөдөн келген меймандарга биздеги техника, завод, фабрика кызык эмес. Булар баардык жерде бар. Меймандарга дүйнөнүн эч жеринде жолукпаган кыргыздын ак калпагы, комузу, океандай "Манасы" кызык. Алар көчмөн цивилизациянын гениалдуу табылгасы – бозүйдү көргөнү келишет. Орто кылымда кытай акыны ыр жазып, “бозүйдү хансарайга алмашпайм” деп даңктаган. Жер титирөөнү тоготпогон, кышта жылуу, жайда салкын, коркунуч болгондо ат, төөгө жүктөлүп кете берген, ойго да, тоого да, токойго да тигиле берген универсал керемет бозүйүбүз – туристтердин көрсөм, кирсем (!) деп көксөгөн, көздөн учкан “көк жээги”. Меймандар улуттун кайталангыс күүлөрүн, обондорун укканы, ажайып кооздукка, символдуу маанилерге бай керемет шырдактарын көргөнү, салт-санааларын, үрп-адаттарын тааныганы келишет. Меймандар үчүн Кыргызстандан Батыштын рок-музыкасын, бийин угуу, көрүү жаңылык эмес. Алар дүйнө элдеринде жок төкмө акындарды, манасчыларды көрүп таңыркайт. Төкмө акындык өнөр мындан 2-3 миң жыл мурда “Рапсоддор”, “Аэддер” деген ат менен Европада да болгон. Азыр бул өнөр Европада, дүйнөдө жоголуп кеткен. Бүгүн кыргыз, казакта гана тирүү. Төкмөлүк, манасчылык көчмөндөр цивилизациясынын адамзатка мезгил түпкүрүнөн алып келген белеги, кыргыздын дүйнөдө жок маданий эн тамгасы, Ала-Тоонун колорити. Ошондой эле меймандар кыргыздын кыз куумай, көк бөрү, эр эңиш сыяктуу кайталангыс оюндарын көрүп ырахаттанышат. Токмоктогу Бурананы, Өзгөндөгү мунараны, Ат башыдагы Таш-Рабатты, Таластагы Манастын күмбөзүн, Сулайман тоону сүрөткө тартышат. Дүйнөнүн туристтери үчүн кыргыздын экологиялык жактан таза айран, курут, сары май, бешмармак, быжы, кымыз, бозо, максым, каттама, боорсок, күрүч аш, куурдак, гүлчөтай, казы-карта, чучук даамдары не деген кулинардык керемет! Не деген ажайып ашкана маданияты! Тоолук калктын цивилизация бузбаган адеп-ахлагычы! Кыргызстан – бул ак пейил мейманстан. Бозүй, комуз, кымыз – кайталангыс үчилтик! Ак мөңгүлүү Ала-Тоо бүтүндөй эле турушу менен ааламда жок этнография, этномаданий парк сыяктуу. Этнограф Амантур Акматалиев Түркияга баргандагы бир фактыны мындайча сүрөттөйт: “1993-жылы апрелдин аяк ченинде Түркияда Кыргызстандын маданият жумалыгы өткөрүлдү. Дили, тили, дини окшош өлкөгө баарыдан мурда кыргыздардын кийим-кечектери жакты. Сахнага чыккандагы көрүнүштөрү алакандан от чыга чабылган коштоолор менен тосулуп турду. Анда атактуу таланттардын сахналык жүздөрү куштар кылды. “Ак-марал” бийчилер ансамбли беш курдай беш башка кийим менен бийлеп чыгышканын көрүп, түрк жаштары таңданып, “ушундай кийимдер менен көчөдө басабы?” деп сурап жатышты". ("Эркин-Тоо", 16.02.96). Демек, көрүнүп тургандай, "Манастагы" Каныкей апабыз менен Айчүрөк кийген кийимдер чет өлкөлүктөр тарабынан кайталангыс кооздук катары кабыл алынып, аларды кийип жүрүү улуттук келбетибиздин ажарын ача турган бөтөнчөлүк катары бааланып жатат.
Ааламдашуунун шарттарында дүйнөгө кожоюн болууга, гегемондук кылууга умтулган геосаясый күчтөр улуттук маданияттарды бир «көгөнгө» тизип, унификациялоого кызыкдар. “Бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт. Ар бир тил, ар бир улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо экинчи кайталанбайт. Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык” (Ч. Айтматов). Демек, биздин улут, биздин маданиятыбыз дүйнөлүк полифониянын бир кайталангыс феномени. Анын жошоосу күнүмдүк эмес, түбөлүк болууга тийиш. Калктын кылымдарды карыткан каада-салттары, элдик спорт оюндары, кол өнөрчүлүгү, ажайып кооздукка жана эстетикалык сулуулукка ширелген жасалга буюмдары, ашканасы, тарыхый-архитектуралык эстеликтери, материалдык-этнографиялык байлыгы, улуу «Манас» эпосу баш болгон оозеки жана профессионалдык адабияты менен искусствосу – этникалык маданиятыбыздын алтын казынасы. Кайталангыс колоритке эгедер улуттук маданиятыбыз элибиздин рух кенчтерин, идеялары менен идеалдарын алып жүргөн феномен, калкыбыздын жүзү жана этникалык иденттүүлүгүбүздүн фактору. Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү мамлекетибиздин көңүл борборунда турат. Өлкө президентинин манасчылар менен төкмө акындарга “Манас театрын” ачып берип, аларга аксарай салып бериши – ойротто жок камкордук болду. “Жаңы технологиялардын айдыңы менен ааламдашуунун чеңгелине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз керек” (Садыр Нуркожоевич Жапаров). “Биз жалпы адамзат дүйнөсүнө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, ата-бабабыздын нарк-насилин, улуттук салт-санаабызды, маданий жана руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпиз” (Сүйүнбек Касмамбетов). Дал ушундай маданий стратегияны карманып, изден тайбай идеологиялык ишти алып барып, жергебизде маданиятыбыздын түркүгүн бекем орното алсак, анда калкыбыз массалык-маданияттын экспансиясына алдырбай, дүйнөлүк интеграциянын, глобалдашуунун ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, калк катары өзүнүн улуттук жүзүн сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошулмак.
-- ак таңдай акындарыбыздын, алп Манасты айтуучуларыбыздын үндөрү Ала-Тоонун ичин жаңыртып турсун;
-- улуттук музыкабызды чет өлкөлүк массалык маданияттын арзан стандарттары жана даңкылдак-дүңкүлдөктөрү далдаалабасын. Обондорубуз жана күүлөрүбүз тоо-түзүбүздө, аянттарда, коомдук жайларда жаңырып турсун;
-- адабият менен искусствобуздан жаңы чыңгыздар, океевдер, чокморовдор, бүбүсаралар өсүп чыксын;
-- улуттук кулинардык маданиятыбыз ар кандай “колалардын”, “фанталардын” баскынында калбасын;
-- көк-бөрү спорт оюнубуз бүткүл дүйнөгө жайылсын;
-- кыздарыбыз, уулдарыбыз улуттук кийимдер жана ысымдар менен көрктөнсүн;
-- дүйнөнү кызыктырган шырдагыбыздын ааламдык сапары шыр болсун;
-- бозүйүбүз дайыма тигилип, чамгарагынан шам жанып турсун!
13. Улуттун тарыхы – урпактар тамыры
Азиядагы байыркы элдердин бири болгон кыргыздар Чыгыштагы ар кандай империяларга, баскынчыларга, каардуу каганаттарга каршы күрөшүп, өзүнүн эркиндигин талашып келген эл. Багынбас баатырларга, шерлерге, даанышмандарга бай, далайлаган драмаларды, трагедияларды жана жеңиштерди баштан өткөргөн, узак тарыхы бар калк.
Кыргыз элинин тарыхы – сыймыктана турган, татыктуу баалана турган даңазалуу тарых. Кыргыздар Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздар биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борбор Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), атүгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (биздин эранын IX кылымы), кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, “Алакчын”, “Кыргыз хан” шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен элчилик мамилеси бар, эпостордо айтылгандай “эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, балбандар менен билектеш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган” жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Алымбек датка, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков, көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай, Зууракан Кайназарава, Өлмөсхан Атабекова, Корчубек Акназаров, Миталип Мамытов, Медеткан Шеримкулов, Таштанбек Акматов, Чыңгыз Айтматов, Күлүйпа Кондучалова сыяктуу улут ар-намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген чыгаандарыбыз, баатырларыбыз, уул-кыздарыбыз, даанышмандарыбыз – улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы.
СССР доорунда ата-бабаларыбыздын жогорудагыдай илгерки жоокердик замандагы кыйын кезең даңазалуу тарыхы муундарга тааныштырылбай, окутулбай, тарых китептерине жазылбай, көмүскөдө калып келген. “Эски дүйнөнү кыйратабыз!” деген нигилисттик ураанга жамынган тоталитардык система өткөн тарыхыбызга түркөй сабатсыздардын жана ташбоор эзүүчүлөрдүн кайгы-муңга толгон караңгы тарыхы катары кароого, улуттук салттарыбызды чириген феодализмдин калдыгы сыңары түшүнүүгө багыттап, элибиздин эркиндиги үчүн күрөшкөн улуттук баатырларыбыз, уулдарыбыз, “феодал”, “пантюркист” деп аныкталып, өз тилин, маданиятын сүйгөндөр “улутчул” аталып, IX кылымда кыргыздар өзүнүн империясын түзгөн деген тарыхый маалымат саясый жаңылыштык катары бааланып, өз өлкөсүндө туруп, өз эне тилин, өз тегин билбеген тукумдар көбөйүп, өз бешигин балталап бүлүндүргөн, өз “Бугу энесине” каршы ок аткан орозкулдар (“Ак кеме” фильми), жоломандар (“Маңкурт”) арбып, улутубуздун тарыхый эстутуму талкаланганы чындык болчу. Албетте, советтик түзүлүш түпкүлүгүндө жакшылыкты көздөгөн жана жакшылыктарды көп жасаган. Бирок тоталитардык системанын тутумунда түзүлгөн шарт-жагдай, “пролеткульт” идеологиясы объективдүү түрдө ушуга алып келген.
Өткөндөгү тамырсыз, улутсуз космополитизм илдети эгемендүүлүктүн тушунда да уланды. Маселен, 2006-жылы апрель айындагы кыргыз телеберүүсүнөн тартууланган бир көрсөтүүдө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө “эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?” деген суроо берилгендиги, берилген ушул суроолорго окуучулардын биринин артынан бири “француз болгум келет”, “орус болууну каалайм”, “немис болгум келет”, “англичан болгум келет” деп жооп беришкендиги коомчулуктун көз алдында турат. Бул балдар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Мынакей, “тарыхты унутуу – тамырын курутуу”, “тарыхты тануу – тамырсыз калуу” кайгысы, туурун тааныбаган, тегин тебелеген маңкуртчулук! 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын баардык жети облусунда социологиялык иликтөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында мекенчилдик акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3 пайыз). (Б.Романов, К.Исаев, С.Сыргабаев Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси – Бишкек, 2012, 47-бет). Улутуна, мекенине, “боор толгобогон” жаштардын көбөйүшү өлкө келечеги үчүн кооптуу. А чындыгында, бир жагынан караганда, жаштардын жандүйнөсү өз улутунун тарыхына чындап сугарылбаса, алар кайдан патриот болот?
Өткөн тарыхка адам күзгү сыяктуу каранат. Тарых – күзгүдөн адам тарых менен тагдырлаш, улуту менен киндиктеш экенин көрүп, өзүнүн ким экендигин, орду кайда, милдети кайсы экениндигин аңдап билет жана ар-намыс сезимине ээ болот. Тарыхый эстутумсуз жаран да жок, коом да жок. Жаранды жаран катары, коомду коом катары жашатып турган – бул тарыхый эстутум механизми. Бүгүн кыргыз мамлекетинин алдында жарандарда, коомдо бекем тарыхый эстутумду түптөө милдети айкүрүнөн турат.
Көчмөндөр цивилизациясында кишинин эстутуму анын адам жана атуул экендигинин критерийи катары каралган. Адамдын жети атасын билгендиги анын жамааттын мүчөсү болууга татыктуулугунун көрсөткүчү болгон. Ал эми жети атасын билбеген пенде кыргызда “түбүн тааныбаган түпсүз кул” аталып, башы кара, буту айры макулук катары саналган, шылдыңдоонун жана келекелөөнүн объектисине айланган.
Өсүмдүктү карасак, ал тамырсыз болбойт. Тамыры болгон үчүн ал гүлдөп өсөт. Тамырынан ажыраса өсүмдүк купкуу сөңгөккө айланат, бир заматта соолуп, куурап жок болот. Адамдын да тамыры болот. Анын тамыры – жети ата. Бала ошол жети ата тамырды таануу аркылуу адам болот. Жети ата жалпыланган кеңири мааниге ээ. Жети ата – бул ата-бабалардын, калайык-калктын тарыхы, тили, салты, дили, дини, маданияты.
Кичинекей кулунчакка, “туякка”, тукумга биринчи иретте башатты, тамырды, тарыхты таанытуу, эстутумду түптөө кыргыздардын таалим-тарбия системасында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. “Манаста” “айтып берчи кулунум, ата-бабаң айылыңды, ары түбү дайыныңды” делип бекеринен айтылбайт. Кыргыздардын педагогикалык философиясында бала өз бир боор эл-жеринин кыртышынан тамырлап, дарак сыяктуу бүчүрлөп өсүп чыгууга тийиш, башкача айтканда, өз улутунун топурагынан “программаланып” чыгышы керек. Ошондо гана ал өз элинин адамы, азаматы боло алат.
Кыскасы, калкыбыздын узак жана бай тарыхы улуттук идеологиянын кубаттуу ресурсу жана күчтүү куралы. Кыргыз тарыхынын сабактарын, тарыхый процесстерде роль ойногон улуу инсандардын өлбөс-өчпөс өрнөктөрүн активдүү үгүттөө, насияттоо, окутуу аркылуу муундардын, жарандардын патриоттук сыймыктануу сезимин, мекенчилдигин өстүрүү, тарых таалими менен мамлекетибиздин рухий пайдубалын чыңдоо улуттук идеологиянын кечиктирилгис милдети.
14. Нарктуу үй-бүлө – нарктуу мамлекет
Изилдөөлөр, жүргүзүлгөн мониторингдер ак мөңгүлүү Ала-Тоодо түркүн үй-бүлөлөр бар экендигин ырастайт. Маселен: ар-намысы бийик, салт кармаган, нарк сактаган мекенчил үй-бүлөлөр бар. Мекенинин, эл журтунун тагдыры менен иши жок, атуулдук-париоттук аң-сезими сенек, жалаң көртирликтин алкагында камалган, кара курсактын камы менен гана жашаган үй-бүлөлөр да бар.
Америка менен Европадагыдай же атасы же энеси жок жарты үй-бүлөлөр көбөйүүнүн үстүндө. Ата-тегин, тарыхын, тилин, улуттук салтын унуткан үй-бүлөлөр жашайт. Чүрпөсүнүн тилин кыргыз тилинде эмес, чет өлкөлөрдүн тилинде чыгарган үй-бүлөлөр аз эмес. Бала тарбиясын чөнтөк телефонго, компьютерге тапшырып, замандын күнүмдүк агымында чамындыдай калкыган, такыр китеп окубаган үй-бүлөлөр көп. Рухий байлыкты эмес, жалаң материалдык байлыкты культ кылган материалдык комфортко гана сыйынган үй-бүлөлөрдүн бар экендиги факт. Аракечтикке, баңгиликке берилип, деградацияга учураган жана жакыр үй-бүлөлөр да бар. Кайсы өлкө долларды көп берсе, ошол жерди “Ата журт” кылып, “күн тийген жердин күкүгү” болгон үй-бүлөлөр, ажырашууну “текейден арзан” көргөн, ортодогу баланын тагдырына жоопкерсиз, жеңил караган жаш үй-бүлөлөр ж.б.
Үй-бүлө жаатындагы мындай абал-жагдайлар мамлекетибизге үй-бүлө маселесине орчундуу көңүл буруунун зарылдыгын көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан “Социалдык контракт” программасы, үй-бүлөнү социалдык колдоолор, жөлөк пулдар, протездик-ортопедиялык жардамдар – булар эң сонун гумандуу акциялар. Бирок да ушуну менен катар эң негизгиси, үй-бүлөнүн рухий-маданий, адеп-ахлактык, патриоттук, интеллектуалдык негиздерин чыңдоо зарыл болуп турат.
“Күчтүү, нарктуу үй-бүлө – күчтүү, нарктуу мамлекет” деген идеологиялык даанышмандык зарыл. Үй-бүлө идеологиялык ориентирге муктаж. Жубайларды үй-бүлө философиясы менен куралдандыруу абзел.
Үй-бүлө аялзатынан жана эркекзатынан турат. Бул экөө бир бүтүндүн эки бөлүгү. Эркексиз аял жарты, аялсыз эркек жалкы. Үй-бүлөнүн бир жак бети аял, бир жак бети эркек. Үйдүн аялзат тарабы бактысыз болсо, эркекзат тарабы таалайлуу боло албас. Бактылуу болсо, жубайлар чогуу гана бактылуу боло алышат. Ошон үчүн элде "эрди-катын бир үйдүн айы менен күнү" деген улуу сөз айтылат. “Адам баласы өмүрүндө эки жолу эгиз болот” деп насааттаган айтылуу даанышман Сарт Аке. “Ата-энеден жаралып, бир үй-бүлөдө өнүп-өскөндөр – биринчи эгиз. Адам бойго жеткенде үй тигет. Үй тигүү деген сөз – үйлөнүү. Кыз бала да, эркек бала да бойго жеткенде буюрганы менен баш кошот. Бул экинчи – эгиз. Адам баласы экинчи эгизи менен (эрди-катын) бүт өмүрүн бирге өткөрөт: жамандык менен жакшылыкты бирге тартат. Бул экөөнөн күйүмдүү эгиз болбойт. Адам эгиз жолун бийик тутса, ажырашпайт”. (Сарт Аке). Үй-бүлөнүн түпкү пайдубалында жубайлардын бири-бирине болгон ыйык сүйүүсү жана ошол сүйүүгө негизделген өз ара мамилелердин гармониясы жатууга тийиш. Мунсуз эрди-катындын чыныгы бактысы мүмкүн эмес. Махабат – жер кыртышы өңдүү. Аял менен эркек ага ташталган үрөн. Махабат кыртышына ташталган “үрөндөн” “жубайлар” деген апаппак “кош гүл” өнүп чыгат. Ал кош гүл кенен акыл-эс, ак мээнет, бири-бирине болгон урмат-сый менен “сугарылса”, эгиз гүлдөн бара-бара асман тиреп көйкөлгөн түбөлүктүү кош чынар өсүп чыгат.
Улуу мурасыбыздагы Манас менен Каныкейдин бирин-бири Кудайындай сыйлашкан өз ара жубайлык жуурулушкан бекем союзу үй-бүлө биримдигинин символу сыяктуу. Каныкей Манаска карап: «Бактыма төрөм табылдың, кара башым чын тартуу, баатырым сенин жолуңа» деп агынан жарылса, кезинде Манас да алган жарынын өзүнө чын жүрөктөн берилгендигине, ак дилден кылган кызматына, жасаган жакшылыгына ичинен терең ыраазы болуп, өзүн бактылуу сезет. «Жан курдашым Каныкей – кагып турган жүрөгүм!” дейт Манас, ханышасын чексиз сүйгөндүгүн моюнга алып. «Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле бири-бирин чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси» (академик Болот Юнусалиев). Мынакей, караңыз, үй-бүлөнүн пайдубалынын бекемдиги, бүтүндүгү эмнеге негизделе тургандыгынын түп сыры кайда жатат?
Үй-бүлөдө эки жубайдын тең бири-биринин алдындагы жоопкерчилиги бийик болууга тийиш.
Эй жубайлар, үй-бүлөдө эри менен аялы,
Куштун эки канатындай, билсең чындык ушундай.
Жаман жүрүп, жаңылышып, бир канаты аксаса,
Үй-бүлөнүн кушу өксөп, жолдо калар учалбай! (С.Б.)
Аял өзүнүн жоопкерчилиги, уяттуулугу, ыймандуулугу, мээнеткечтиги менен үйдүн куту, эринин көркү боло алат. “Сыйга сый, сыр аякка бал” дегендей, аялга карата күйөөнүн мамилесинин да агыл-төгүл болушу шарт. «Баккан эри жарашса, кара катын ак болот» деген сөз бар. Кыргыздын кызды эрге узатып жаткандагы «Ак учук бердим саптап ал, ак шумкар бердим таптап ал» деген салттык ырында күйөөгө чоң жоопкерчилик жүктөгөн терең маани бугуп жатат. “Жакшы аял эркекти дөөлөттүү да, барктуу да кылат. Колунан, жүрөгүнөн, пейилинен мээр төгүлгөн аял – кут, ырыскы. Эркектин бактысы аялга болгон ызаатында, ишениминде” (Мойт Аке). Демек, бактылуу үй-бүлө куруунун өрнөгүн жолун жана сырын бөлөк, чоочун жактардан эмес, адегенде, өз улуттук коломтоңдон изде.
Бир сөз менен тыянактаганда, үй-бүлөнү, үй-бүлө уясын кура турган жаштарды “бир үйдүн айы менен күнү болуп” жашоонун философиясы менен куралдандыруу керек. Үй-бүлө этикасына үйрөтүү мектептен башталганы жакшы.
“Күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып” жашаган ата-энеден балдарга нур төгүлүп турат. Бактылуу ата-эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон балдардын руханияты гумандуу болот. Баласын бирөөлөргө калтырып, башка жакка кетүүгө “Ак буудайдын унундай жуурулушкан” ынтымактуу жубайлардын жандүйнөсү чыдабайт. “Эгизин” (Сарт Аке) таштап, күйөөсү же аялы бакыт издеп башка өлкөгө кете албайт. Эгизинен ажырай албайт. Бакыт анын өзүнүн үй-бүлө очогунда. Ынтымактуу үй-бүлөнү ырыскы өзү издеп келет.
Ар бир үй-бүлөнү бийик идеалар, асыл адеп-ахлак, сүйүү менен, мекенчил нарк менен жашоого багыттоо жана шыктандыруу, стимулдоо – идеологиялык иштин өзөктүү озуйпасы. Бала – улуттун келечеги. Ал эми улут келечегинин башаты үй-бүлөдө. Үй-бүлө өзүнүн “уясынан” мекенчил “барчындарды” учуруп чыгарганы мүдөөгө төп. Үй-бүлөдө чүрпөнү “атуулдукка жана мекенчилдикке тарбиялоо” (Кыргыз Республикасынын Конституциясынан) миссиясын ата-эненин жакшы түшүнгөнү эп. Бүгүнкү күндө үй-бүлөнүн финансылык бизнес сабатын гана эмес, педагогикалык сабатын, патриоттук аң-сезимин да жогорулатуу, гуманисттик идеалдарга зарыл. Үй-бүлө – коомдун биринчи ячейкасы. Руханий саламатчылыгы бекем үй-бүлө – мамлекеттин тиреги. Жогорудагы бири айды, бири сайды караган үй-бүлөлөрдү Манас атанын мекенчил рухунун нугуна салуу – маанилүү идеологиялык стратегия.
(Уландысы бар)
Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филолог илимдеринин доктору, профессор
"Азия Ньюс" гезити