Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нургүл Чолпонбаева: “Кант диабети бар, жүрөгү оорукчан, ашык салмактуу адамдарда ковид бөтөнчө оор болууда”

Нургүл Чолпонбаева: “Кант диабети бар, жүрөгү оорукчан, ашык салмактуу адамдарда ковид бөтөнчө оор болууда”

20-июль, 15:48
3 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук госпиталдын реаниматолог-анестезиологу менен маек.

-- Бүгүнкү күндөрү күч алып жаткан ковиддин кандай коркунучтарын баса белгилеп айтса болот? Өткөн жылдагыдан айырмасы кандай?

-- Мурдагы жыл менен азыркы учурду салыштырсак, ошол учурдагыдай массалык түрдө оору күч алды. Дарт ошондой эле коркунучтуу. Айрыкча бир үй-бүлө мүчөлөрү да көп кайрылышууда. Тойго же башка тууган жээк-жааттар чогулган жерден бир туугандар, эже-сиңди, бала-чакалары менен ооруп калып жатышат. Ата-энелери биздин клиникада, кичирээк бала-чакалары балдар бөлүмдөрүндө дарыланып жатышат. Мен дарыгер катары айтарым, көпчүлүккө чогулууну токтоткула! Той-топур, шаан-шөкөттөн оолак болгонуңар оң. Мындай учурда айтылган кеңештерди түз кабыл алалы. Колду тез-тезден таза жууп, аралыкты сактап, дартты жеңели. Ковидге чалдыккан жалаң оор абалдагы бейтаптар бизге түшөт. Түшкөндө да өпкө, жүрөк ж.б. органдарды дарт чырмап, күчөп кеткенде келишет. Көбү жашы өтүп калган аталар, апалар. Аларда оорунун түрлөрү бар: кант диабети, кан басымы көтөрүлгөн, жүрөгүндө дарты бар, ашык салмактуу адамдар үчүн ковид бөтөнчө терс таасирин тийгизет. Ошон үчүн ден соолукту убагында жакшы көзөмөлдөп, тамакты витаминдүү ичип, салмакты да карап турган оң.   

-- Дартка чалдыккандар, өлүмгө учурагандар айтылып жаткан цифрадан алда канча көп экени болжонууда. Сиз кошуласызбы?

-- Официалдуу статистикага карасак, дартка катталгандар 1000ден 2000ге чейин жетүүдө. Бирок официалдуу катталбаган бейтаптар дагы арбын. Анализ, ПЦР тапшырбайт. Ошондуктан көпчүлүгү үйдө дарыланып жатып, жеңил формалары менен айыгып кетишүүдө. Ошолор официалдуу статистикага кирбей калып жатышат. Официалдуу статистика мындан көп болушу ыктымал. 

Андыктан спорт менен машыгып, ар убак кыймылда болуп, тамактануу зарыл. Бул дартты кабыл алса дагы жеңил форма менен жеңип кетиш керек. Иммунитет жакшы болсо дартты жеңүү жеңилирээк. Андыктан баардык айтылган кеңештерди аткаруу шарт. Биз кыргызбыз. Аш-той көп, бирок, ден соолукту сактоо үчүн баарын токтото туруу оң. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер