Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Экономикалык мунапыс биз күткөндөй натыйжа берген жок”

Исхак Масалиев: “Экономикалык мунапыс биз күткөндөй натыйжа берген жок”

26-июнь, 23:45
236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, жеке кишилердин активдерин легалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?

-- Бул мыйзам негизи кээ бир учурда, бир формациядан экинчи формацияга өткөндө керек. Байлыктарды ар кандай жолдор менен топтойт да. Өз учурунда декларация тапшырбайт, байлыктын булагын көрсөтө албайт. Анан убактысы келгенде “бул кайдан келген акча?” деген суроо пайда болот. Ошондой жарандарды легалдаштырыш үчүн, мындан ары салыкты төлөсүн (!) деген максатта ушундай кадамдар жасалышы мүмкүн. Биздин жакынкы эле тарыхыбызды алсак, он-он беш жылдын ичинде мындай мунапыс үчүнчү жолу болуп жатат. Бирок чынын айтканда, ал күткөндөй натыйжа берген жок. Акча баягыдай эле эже-бажаларынын атында, оффшордук зоналарда жүрөт. Себеби, өкмөткө ишенбейт. Легалдаштаргандан кийин деле талкалап салышы мүмкүн деп коркот. Мен бир эле мисал айтайын, Ахматбек Келдибеков өз убагында мүлктөрүн декларациялап көрсөткөн. Бирок, “карачы, уурдап алган” деген сөз чыккан. А чындыгында ал уурдаган эмес, болгону бар байлыгын бүт көрсөткөн. Мен ойлоп атам, бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык бар го деп. Себеби, бийлик алмашканда анча-мынча мүлктөр да алмашат. Мына ошолорду легалдаштырыш керек.

-- Анда мындай мыйзамдын кереги жок дейсизби?

-- Кереги жок. Уурдаган болсо жооп берсин, мүлкүн конфискация кылыш керек. Биз болсо ууруларды “төлөп кой да, эркин жашай бер” деп жатабыз. Жогоруда айтпадымбы, ар бир мыйзамдын артында улуу Ленин айткандай, кызыкчылык турат. Же салык көбүрөөк түшө баштайт деген мамлекетте кызыкчылык бар, же жашырган мүлктөрүбүздү ачыкка чыгарып алууда айрым жигит-кыздардын кызыкчылыктары бар. Өзү өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштесе да чоң-чоң соода борборлоруна ээлик кылгандар кызыкдар болуп атышса керек да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер