Шөмтүрөгөн Жээнбековго түкүрүшсө, Атамбаевди алкагандар арбыды

Саясатчылар бийликте жүргөндө жүздөрү анчалык ачылбайт, качан гана жөн салды адамга айланганда кимдин-ким экени билинет тура. Дарамет, деңгээлди бир калыпта кармап жүрүү, керек болсо өстүрүү маанилүү. Бул жагынан учкай мисалга токтололу.
Башта Сооронбай Жээнбеков президент катары парламентаризмди жактап, ушул башкарууну өнүктүрүүгө дилгирленип, туура багыт экенин айтып жүрчү. Кызык. Кечээги шайлоодо президенттик башкарууга добуш бергенин билдирди, анысы бүтүндөй ЖМКларга чыгып, соцтармактардан талкууга алынып, төө бастыда калды. Саясатта Соке эки жүздүү, принципсиз бир байкуш экени ачыкталып, коомчулук тарабынан кескин түрдө сындалды. “Экс-президенттик макамымды Садыр Жапаров алып койбосун, эмнеси болсо да кошомат кыла турайын” деген көшөкөрлүгү беле? Ансыз деле жаңы бийлик күчүнө киргенде Сооронбайды камакка алары жашыруун эмес. Эмитен эле кылмыш иштери айтылып атканы жалганбы?..
Мындай шартта бүйүр кызыткан экинчи көрүнүштөн мисал кылалы. Алмазбек Атамбаев түрмөдө жатса да, шайлоого катышып, президенттерди тандоодо урнага актай кагаз салганы, парламентаризмге добуш бергени алкоого алынды. Себеби, баштагы позициясынан тайбай, эр жүрөктүүлүгү жана туруктуу көз карашы бар экенин айгинеледи. Ал деле Садырга кошомат кылса болмок да, туурабы? Бирок анткен жок. Ошондо Жээнбеков бир шөмтүрөккө айланса, Атамбаев адатынча кабылан шердей эле эрки сынбай, саясатчы катары жалтанбаган мүнөзүнөн тайбаптыр. “Эки достун” бүгүнкү абалдарын түшүнгөндөр баа берүүдө. Жээнбековго түкүрүп атышса, Атамбаевди алкагандар арбыды...
"Азия Ньюс" гезити