Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күз. Онлайн сабак. Билим алууга эмес, оюнга кирген окуучулар...

Күз. Онлайн сабак. Билим алууга эмес, оюнга кирген окуучулар...

11-сентябрь, 15:42
778 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн коомдун негизги көйгөйүнө айланып, билим берүүдөгү кызыктай жагдайга дуушар болуп, студенттерди жана окуучуларды онлайн окутуу уланып жаткан кез. Же балдарын кароосуз таштап кете албай, аз акчага тарбиячы издеген ата-энелердин саны дагы арбыды. Биз онлайн окутуудагы көйгөйлөрдү сурап, эксперттерге кайрылдык. 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

-- Мен онлайн окуунун терс жагын гана көрөм. Бала “өңдү көрдү, жүз тайды”  дейт. Мугалим менен тиктешип сабак окубагандан кийин анын деңгээли анчалык болбойт. Бул айла кеткендеги окуя. Бир гана жакшы жери, азыркы санариптешүү мезгилинде интернетти балдар терең колдонуп, дагы үйрөнүп, зуум сыяктуу программа менен чогулуштарды өткөрүп, конференцияларга катышкан артыкчылыгы бар. Мындайча айтканда, санариптештирүүнү тереңдетип үйрөнүшөт. Андан көрө ушул жаман оорудан тез кутулуп кетсек, балдар жадырап-жайнап мектепке барып, мугалимдер менен маңдай-тескей отуруп сабак өткөнгө эмне жетсин?! Санариптештирүүнү болсо үйрөнө беришет. Буюрса, бул күндөрдү да жеңип өтөбүз. 

Жийде Абдымамтова, журналист:

-- Абдан оор айлар өттү. Эстегенде азыр да коркуп кетем. Жадыраган жаз, жашыл жай азаптуу, армандуу болуп, калайман калктын башына мүшкүл салды...

Күз онлайн окуу менен башталды. Эмне айталы? Мектепке барып, мугалимдин маңдайында отуруп окуган окууга кайдан жетсин? Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегин да онлайн окубадыкпы. Балдарга да, мугалимдерге да абдан оор болду. Окуучулар мындайга даяр эмес эле. Неберем 5-классты аяктап, азыр 6-класстабыз. Мыкты окучу, мыкты эле аяктадык. Бирок, абдан кыжалат болду. 25 мүнөттө кантип толук кандуу билим алсын? Биздин №69 окуу-тарбия комплекс гимназиябыздын мугалимдери абдан мыкты экени талашсыз, бирок аларга да абдан кыйын болду. Ансыз да түйшүктүү ишине кошумча жумуштар толтура кошулду. Видео, аудиоматериалдарды колдонушуп, телеграмм, вотсап, классруум, зуум сыяктуу желелерде балдар менен иштеп жатышты. Тесттерди ар түрдүүчө алып, билим сапатын текшерип турушту.

Байкаганым: телефон же ноутбукта кечке отуруп сабак окуу баланы тез чарчатып, тажатып жиберет экен. Ар кимдин жашоо шарты ар кандай. “Интернет жоксвет өчтүтартпай калдыбирдигим калбай калды деген учурлар болот экен.

Программаны тарталбай, кыйналган анча-мынча окуучулар каралбай да калат. Ата-эне жумушуна кетип, балдары мектепте окуп... Эми андай балдар ата-эне жок, мугалимсиз каралбай артта калат, сабактан чыгып да кеткендери болду. Айланып келип, билим сапаты төмөн түшүп жатпайбы! Окууга тырышкан балдар жанталашып окуп жатты, бирок алар бири-бирин көрбөй, мугалимдерин сагынып, классты көрүүгө зар болушту. Психологиялык жактан балдарга абдан эле оор.

Эми буюрса, баары артта калып, жадырап мектепке барчу учур келет го десек, балдар ооруйт деген суук сөздөр чыга калып жатат. Ылайым эле тилеги таш каап, аты жаман илдет жоголуп кетсе экен.


Жазгүл Шарипова, “Илим-нур” окуу тарбия комплексинин директору:

-- Онлайн окуу балдарга өтө начар таасирин тийгизип жатат. Мисалы, башталгыч класстын окуучуларына онлайн сабак өтүү кыйыныраак болууда. Ата-энелер дайыма эле интернет, техника менен камсыз кыла албай калат. Айрымдары ата-энесинин телефонун колдонот. Алар жумушка кетип калганда, балдар сабакка кире албай калган учурлар болууда. Кээ бир балдарга телефон карматып койгон күндө дагы ата-энеси жок болсо, бала сабакка кирбей, оюнга азгырылган учурлар көп. Ата-энесине “сабакка кирдим” дешет дагы, бирине кирип, бирине кирбей, оюнга кызыгышат. Интернетте көпкө отургандары ден соолукка да зыян. Ата-энеси телефонун алып койсо, “мен үй тапшырманы карайм, балдар жазып жатат” ж.б. шылтоолор менен кечке телефон менен алектенишет. 

Балдар үчүн башталгыч класстарга өзүнчө, ортончу жана чоң класстарга өзүнчө убакыттар бар. Эң көп дегенде чоң класстар 25 мүнөт, башталгыч класстар 10 эле мүнөт отурушу керек. А биздики бир сабак эле 30-40 мүнөт болуп калышы мүмкүн. Эгерде 5-6 сабак болсо, андан да көп убакыт отуруп жатат. Бул өтө зыян. Жакшы жактары: алыстан келгендерге сабак алуу жеңилирээк болуп калат. Бирок алар аз эле. Жүз пайыздын бир пайызы эле мындай шартта десек болот. Бул эми  кырдаалга эле жараша болуп жаткан нерсе. Мисалы, Россияда дистанциондук билим берүү боюнча тажрыйба бар. Бизде мындай нерсе мурда жок эле. Биринчи ирет башыбызга түшүп жатат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер