Икрам Илмиянов “ийленсе”...

Сооронбай Жээнбековдун жанжөөкөрү, президенттик аппараттын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев камакка алынды. Жер казыналарын мойсогону, мыйзамсыз баюуга айыпталганы ачыкталбаса да белгилүү. Убагында бул эргул күч органдарына куратор болуп, акылынын жетишинче тайраңдаган эле, эми азабын тартууда.
Биз салыштыруу менен адамдарга баа бере алабыз. Мисалы, Алмамбет Салиевге караганда Икрам Илмиянов 7 жыл мамлекетти майкандаганын кантебиз? Алмазбек Атамбаевдн ишенимине кирип алып, күч органдарынан сырткары, бажы, салык тармактарын, ошол эле кен байлыктарды тескөөнү колго алып, кайсы жерден “кызарганды” көрсө, басып калчу эмес беле? Мындайча айтканда, вице-президенттей эле өлкөнү калчаганы жашыруун эмес. Чиновниктердин баары Икрамга жүгүнүп турушчу. Кыйла доорду сүргөн, кылмышы да ошого жараша болсо керек...
Тилекке каршы, Соке бийликте турганда Илмиянов “жең ичинен сүйлөшүү” аракетинде арзыбаган кылмыш иши аркылуу коомчулуктун көзүн будамайлап, жазадан жеңил кутулуп кеткен. “Алдамчылык” беренесине айыпталганы күлкү келтирет эмеспи. Көшөгө артынан Сокеге берчүсүн берип, мант бергенби?..
Азыр заман башка. Мамлекеттин эсебинен байыгандар чекесинен жазаланып, узун тизменин учуна жетише элек. Атамбаев оппозицияда жүргөндө Икрамдын чычкак улагын да көргөн эмеспиз. Анан эле президенттин жардамчысы, аппарат башчысынын орун басарлыгына жеткени байбачага айланып, Кудайын тааныбай калганы эсиңердеби? Натыйжада, токтоосуз түрдө камалууга, “кусууга” мезгили келди го? Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити