Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көтөрүлушкө чыккан студенттерге кандай жооп кайтарылды?

Көтөрүлушкө чыккан студенттерге кандай жооп кайтарылды?

14-январь, 00:32
1 809 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери аралыктан билим алып жаткандыктан, окуу акысын азайтуу маселесин көтөрүп чыгышкан. Окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайган жок. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери аралыктан билим алып жаткандыктан, окуу акысын азайтуу маселесин көтөрүп чыгышканын айтып, бирок акыны азайтууга болбой турганын белгиледи. Өмүров алардын себептерин тизмектеп берди:

-- аралыктан окуу эмгек акыны төлөп берүү фондун азайткан жок;

-- ЖОЖдор материалдык-техникалык базаны жакшыртуунун үстүндө иштеши керек;

-- окуу формасына карабастан окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу зарыл;

-- аралыктан окуу педагогдордун санын азайткан жок;

-- 183 миң студентке 17 миң окутуучу туура келет. Мындан сырткары, колледж жана кесиптик лицейлерде миңдеген педагогдор иштейт;

-- салттуу окутууга өтө турган болсок, беткап менен камсыз кылып, дезинфекция жасаш керек. Мындай чыгымдар буга чейин болчу эмес.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер