Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрайым Нургүл Бакирова “Азия Ньюс” гезитине жасалган кысымга көңүл бурабы?

Төрайым Нургүл Бакирова “Азия Ньюс” гезитине жасалган кысымга көңүл бурабы?

30-июнь, 13:18
1 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 16-апрелинде чыгарылган чечими менен доогерлер Т.А.Акматов менен К.Ж.Өскөнбаевдин доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, “Азия Ньюс” коомдук-саясый гезитине тийиштүү төгүндөө милдеттендирилип, алардын моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн Т.У.Акматовдун пайдасына 100 000 (жүз миң ) сом, К.Ж.Өскөнбаевдин пайдасына 100 000 (жүз миң) сом өндүрүлгөн. 

КР ЖПКнын 339-беренесине ылайык, бул чыгарылган чечим иштин жагдайына шайкеш келбейт, далилдерге юридикалык баа берүүдө катачылыктар кетирилген жана төмөндөгү негиздер менен бузулууга жатат (!) деп эсептейбиз. Аталган чечимди негиздеген өзөктүү далил катары судья Ч.Адамкулов доогерлердин арызына гана таянган.  

2020-жылдын 21-майында “Азия Ньюс” гезитине жарык көргөн “Балык башынан сасыйт” деген макаладагы ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Т.Акматовдун үстүнөн аталган башкармалыктын түштүк аймагы боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын майору Улук Абдыкалыков тарабынан жазылган арыз боюнча. Т.Акматов эмгек өргүүсүндө жүргөндө (03.02. – 15.02.20) анын үстүнөн Улук Абдыкалыков арыз жазып, арызда көрсөтүлгөндөй Талант Акматов андан 2500 АКШ долларын алып, “кызматын жогорулатып берем” деп, бирок убадасын аткарган эмес. Бул арыз боюнча ИИМдин башкы штабынын инспектору Бакыт Кенжегулов тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн башкы прокуратурага жиберилген. Ал жерден текшерилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын тергөө бөлүмүнө жиберилген. Бул – факт. Гезитте Улук Абдыкалыковдун аты Рустам деп ката жазылып калган. Сотко муну биз “техникалык ката кеткен” деп айтсак, доогер тараптын “Рустам Абдыкалыков деген бала иштебейт” деген аргументин колдоп, биздин фактыны төгүнгө чыгарып таштады. 

2-пункт боюнча. 2020-жылы өзгөчө кырдаал учурунда ИИМдин криминалдык милиция башкармалыгынын үч кызматкери ичимдик ичип алышып кармалганын ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары К.Өскөнбаев видеого тарттырып, интернет сайттарына чыгарган. Кызуу абалында кармалган үч кызматкер Н.Керкибаев, Н.Асанов, Ж.Акбаров бул кылганы үчүн К.Өскөнбаевдин үстүнөн министр К.Жунушалиевге арыз жазышкан. Бул арыз боюнча ИИМдин башкы штабында иликтөө жүргүзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн 2020-жылдын 18-май күнү башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Ал жерде арыз текшерилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Бул фактыны доогерлер жокко чыгара алышкан эмес.  

3-пункт боюнча. К.Өскөнбаевдин үйүнө жардыруучу зат ыргытылганы боюнча макала 2009-жылы “Дело №...” гезитине чыккан. Биз ошол материалга таянганыбызды судья Ч.Адамкуловго айтсак, ал кабыл албай койду. 

4-пункт боюнча. 2016-жылы милициянын майору К.Ташбаевге КР Кылмыш кодексинин 123-, 168-, 305-беренелери менен №128-16-134 кылмыш иши козголгонун судья анык деп тапкан. 

5-пункт боюнча. Канат Бейшекеев милицияга кызматка киргенге чейин Аламүдүн-1 кичирайонундагы “Жасмин” кафесинде ырчы болуп иштеген. Болгону материалда кафенин аты ката жазылып калган. 

6-пункт боюнча. Гезитте жазылган фактыларды доогерлер да, судья да туура деп табышкан. 

7-пункт боюнча. Пара алуу беренеси далилденген эмес, гезит туура жазган. 

8-пункт боюнча. 2020-жылдын 7-апрелинде Чүй облусунун Алексеевка айылында Жайыл РИИБинин кызматкерлери ок атышып, ооруканага түшкөнү маалым болгон. Бул факты боюнча иликтөө жүргүзүлүп, УКМКнын тергөө бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул окуя гезитке чыкканга чейин “Назар Ньюс” сайтына жарыяланган. 

Мына ушундай далилдерди жана аргументтерди судья Ч.Адамкулов карабай, кабыл албай койду. КР ЖПКнын 64-беренесинин 2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык “фактылык маалыматтар тараптардын жана үчүнчү тараптардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер жана видеожазуулар, эксперттин корутундулары менен белгиленет” деп көрсөтүлгөн. Бирок, судья Ч.Адамкулов бул материалды экспертке жөнөтүп, адистин тыянагын алган эмес. КР ЖПКнын 64-беренесинин 3-бөлүмүнүн талаптарына ылайык “мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана сот актысына негиз боло албайт” деп ачык жана так көрсөтүлгөн. Судья Ч.Адамкулов чыгарган аныктамасында “считают данную статью, целенаправленно изданную для умаления моральных прав не только указанных в данной статье сотрудников милиции, но и всей системы органов внутренних дел в лице министра Жунушалиева К...” деп жазган. Министр К.Жунушалиев октябрь окуяларында элге карата күч колдонуп, качып кеткени факт. Ушундай уятсыз аракеттери менен милициянын кадыр-баркын кетирген министрдин жоругун эске албай туруп, “гезит милицияга шек келтирип жатат” деген кантип чындыкка жатат?

КР ЖПКнын 76-беренесинин талаптарына ылайык, судья “соттук териштирүү учурунда ар тараптуу жана толук изилденген далилдердин жыйындысына таянып жана мыйзамды жетекчиликке алуу менен баа берет” деп көрсөтүлгөн.  Макаладагы фактылар чындыкка дал келет. 

Жыйынтыктап айтканда, доогерлер Т.А.Акматов менен К.Ж.Өскөнбаевдин “кадыр-баркыбызга, ар-намысыбызга шек келтирилди” деген дооматтары сот тарабынан негизсиз жана мыйзамсыз канааттандырылган (!) деп эсептейбиз.

Жалпысынан алганда, райондук сот иштин ичиндеги материалдарга баа берүүдө жана иштин жагдайларын толук жана ар тараптан аныктоодо катачылыктарга жол берген.

Келаткан дүйшөмбү күнү, 28-июнда Бишкек шаардык сотунда “Азия Ньюс” гезитинин апелляциялык тартиптеги даттануусу каралат. Эгерде мыйзамдуулук, чындык болсо Т.Акматов менен К.Өскөнбаевдин райондук соттогу “жеңиши” жокко чыгары шексиз. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова келгени системанын жаңылануусу байкала баштады. Мындай ырааттуулук уланса, адилеттүү көп чечимдердин арасында “Азия Ньюс” да утушка ээ болоруна ишенебиз.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер