Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Жаанбаев: “Чет өлкөдө ийгиликке жеткен адистерибизди чакырып, шарт түзөлү”

Медербек Жаанбаев: “Чет өлкөдө ийгиликке жеткен адистерибизди чакырып, шарт түзөлү”

22-февраль, 12:08
3 892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл чарба тармагында жаңы форматтагы өзгөрүүлөр орун алыш үчүн эмнелерге басым жасоо керек?

-- Айыл чарбасы аябай чоң сфера болуп саналат. Жаңы форматтагы өзгөрүүлөр үчүн заманбап технологияны түшүнгөн, изилдөө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү, максаттуу адистер, ошол адистерге заманбап лабораториялар, жабдыктар керек. Ишкерлерибиз илимпоздор менен иштешүүлөрү зарыл. Бул эки чоң күчтүн башын бириктирүүгө, албетте, айыл чарба министрлигинин колдоосу жана керектүү иштерди уюштуруусу абзел. Мына ошондо бул үч чоң күч биригип, Кыргызстандын айыл чарба тармагын гана эмес, экономикабызды да көтөрө алышат. Аянты жагынан Нарын облусунан кичинекей болгонуна карабастан жогорудагы формула аркылуу Голландия өлкөсү айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Голландияда топурактын көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөндө жайгашуусунун натыйжасында агросферада көп өсүмдүк өстүрө албаса да, технологиясынын жана кайра иштетүүнүн натыйжасында башка өлкөлөрдөн арзан баада сырье сатып алып, аны Европа өлкөлөрүнө сатып жатат. Ал эми айыл чарба продукциясын экспорттоодо дүйнөдө 1-орунда турган АКШнын жумушчу күчүнүн болгону 3%ы айыл чарба тармагында эмгектенишет. Бул мисалдар бизге заманбап айыл чарбада технологиянын маанисинин канчалык чоң экендигин көрсөтө алат. Бирок кандай гана өнүгүү болбосун илимсиз ишке ашпайт. Ошондуктан поезддин локомотивиндей мааниге ээ болгон илим менен техниканы айкалыштыра билген, жаңыча изденүүлөрү менен Кыргызстанга кылымдардын көйгөйүн чечкен сапаттуу адистерди чыгаруудан башташыбыз керек. Аларды окутуп гана тим болбостон, атайын ар бир тармакта ийгиликке жеткен чет өлкөнүн университет жана жеке фирмаларында практикалык негизде үйрөнүүсүнө, кайра өлкөбүзгө кайтып келип, үйрөнгөндөрүн жасашы үчүн шарт түзүүбүз керек. Бул иш канчалык кыска аралыкта ишке ашырылса, ошончолук ишкерлерге да, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө да себеп болот.

-- Багбанчылыкта ийгиликке жетүүнүн сырлары жөнүндө айтсаңыз?

-- Бул жагынан ийгилик жаратуу үчүн эң биринчи ошол инсан багбанчылыктын сырларын үйрөнүүсү абзел. Эгерде жакшы түшүнбөстөн бул ишке киришсе, каталарынын пайызы арбын болуп, пайда табуудан көп зыянга учурап калуусу толук ыктымал. Мөмө дарак дагы бир тирүү жандык болгондуктан, ал да ар түрдүү климат жана топурактарга каршы түрдүү реакция көрсөтөт. Аларга жараша ошол аймакка туура келген мөмө түрүн жана сортун тандоо керек. Экономикалык мааниде чоң бакча курууда сөзсүз адистер менен кеңешип иш кылганыбыз жакшы болот. Мөмө дарактары тигилгенден кийин ал жерде эң аз 15 жыл тургандыктан бакчаны пландоодо жети өлчөп бир кесишибиз абзел. Антпесек кээ бир кетирген каталарды оңдоо өтө татаал болуп, бак ээсине көптөгөн түйшүктөрдү жаратат. Багбанчылыктын сыры мөмө дарагынын тилин түшүнүп, аны менен сүйлөшө билүүдө. Эгер биз өстүрүп жаткан мөмө дарагыбыздын морфологиясын, чаңдашуусун, физиологиясын, бутоо жолдорун, сорттук өзгөчөлүктөрүн, суу-топурак каалоолорун, азыктандырууну, оору-зыянкечтер менен күрөшүүнү билсек, ар бир ишти өз ыкмасы менен убагында аткарсак, жогорку сапаттагы мол тушүм ала алган ийгиликтүү багбан боло алабыз. Жакшы мөмө өндүрүү өзүнчө бир иш болсо, аны жогорку баага сата билүү бул өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Биз бул эки тармакты жакшылап үйрөнүп чыксак, ийгиликтүү багбан да, ишкер да боло алабыз.

-- Эгер биздеги артыкчылык менен кемчиликтерди эске алсак, агробизнеске жол алгандар ишти эмнеден баштаса туура болот?

-- Кереметтүү Кыргызстандын таза топурагы жана мол суусу бизди башка көптөгөн өлкөлөрдөн айырмалап турат. Буларды колдонуу аркылуу дүйнө суктана турган бактарды курууга, түрдүү жашылча-жемиштерди өндүрүүгө, мал чарбасын, балык чарбасын өнүктүрүүгө жана коңушу өлкөлөргө бул продукцияларды жакшы баага сатууга болот. Кемчилигибиз деп ошол товарды алуучу өлкөлөрдүн стандарттарына ылайык продукцияларды өтө аз санда өндүрүп, аз бөлүгүн гана жергиликтүү ишкерлер тарабынан сатылып жатканын, кайра иштетүү өнөр жайларыбыздын жана аны иштетүүчү негизги фактор болгон билимдүү адистердин жетишсиздигин айтсак болот. Бакча курууда сапаттуу жана туура көчөт тандоо зарыл. Көчөттүн тамырында чачы тамырлар көбүрөөк болуусу керекКөчөттү сертификаты бар ишеничтүү чоң фирмалардан сатып алууга аракет кылуу шарт. Эгер көчөт Түркиядан келе турган болсо, көк түстөгү сертификаттуусун тандоо туура. Сары сертификат стандарт болуп, ишенимдүүлүгү жагынан көк түстөгү сертификатка жетпейт. Оорудан жана вирустан таза көчөт менен бак куруулары абзел. Бак курууда, сорт тандоодо адистер менен кеңешип, базардын талабына жооп берген сапаттуу сорт жана ошол аймактын топурак шартына туура келген карлик же жарым карлик көчөттөр менен бак курууга аракет кылган оң. Мына ошондо аз жерден көп жана жогорку түшүмдү дагы эртерээк ала алышат.

-- Мөмөлүү бактар боюнча адистикти Түркиядан үйрөнгөн экенсиз. Андагы үйрөтүү системасынын биздикинен эмне айырмачылыктары бар?

-- Бакалаврды окуп жатып, алты ай Түркиянын Акдеңиз университетинде, андан кийин магистратурамды Адана шаарынын Чукурова университетинде окуп, учурда Конья шаарындагы Селчук университетинде докторантурада окуп жатам. Бул беш жыл аралыгында Түркиядагы айыл чарба тармагында бир канча күчтүү профессорлордон билим алууга аракет кылдым. Түркияда бизге караганда айыл чарбасы алда канча өнүккөн жана ар тармакта көптөгөн илимпоздор бар. Багбанчылыкта бутоо сабактарында бир саат теория түрүндө түшүндүрсө, экинчи сааты ошол университеттин бакчасына барып практикалык негизде көрсөтүп, ар бир студентке 2-3 дарак бутатчу. Түркияда илимдеги акыркы болуп жаткан ачылыштарды англис тилиндеги илимий макалалардан изилдешип, соңку жылдардын жаңы маалыматтары менен бөлүшүүгө, аларды иш жүзүндө аткарууга аракет кылган илимпоз мугалимдер көбүрөөк.

-- Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы айыл чарба товарларын экспорттоого басым жасаса болот?

-- Учурдагы негизги багытым мөмө дарактары болгондуктан, ушул темада пикиримди калтырсам. Гиласта (черешня) Кытай бизге жакшы базар болуп бере алат. Алмада Россия, балким Ирак да базар боло алат. Жалпысынан жаз эрте келген Кыргызстандын жылуу аймактарында эрте бышкан өрүк, гилас сымал катуу данектүү мөмөлөрдүн дасторкондук сортторун өндүрүү, тоолуу салкыныраак жерлерде алма, жаңгак, гиласка окшогон мөмө түрлөрүн өндүрүү, түштүк региондордогу боз адырларда бадам жана мисте сымал аз суу менен жашай алган баалуу мөмөлөрдү өндүрүп экспорттосок, өлкө экономикасына чоң пайда болмок.

Ошол эле мөмөлөрдүн эрте башкан сортторун жылуу жерлерге, орто бышканын орто аймактаргакеч бышуучу сортторун деңиз деңгээлинен бийик болгон тоолуу аймактарга өстүрүү аркылуу көпчүлүк мөмөлөрдөгү түшүм жыйноо мезгилин узартууга жана аларды чет өлкөнүн базарларына узак мөөнөткө чейин экспорттого болот.

Эгерде пландуу иш кылып, чоң аянттарда жогорку сапаттагы мөмө-жемиштерди өндүрө алсак, аны сатуу да ошончолук жеңил болмок. Ар бир мөмөнүн өз базары бар. Биз биринчи сырттан сатып алган мөмөлөрдү өз өлкөбүздө өндүрүүгө, климатыбыз туура келип, талабы жогору болгон өрүк, алма, гилас, мисте, жаңгак, бадам, кара өрүк ж.б. мөмө түрлөрү менен көбүрөөк аянтка жана сапатка карай иштесек, жакшы ийгиликке жетишибиз мүмкүн. Учурда бул мөмөлөрдүн көпчүлүгү эски системаларда курулган бакчалардан же жапайы өскөн токойлордон ар түрдүү мөмө болуп жыйналгандыктан, эл аралык стандарттарга жооп бералбай, сатууда же кайра иштетүүдө көйгөйлөр жаралууда.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер