Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ооганстанда тумоонун оор түрүнө кабылган балдар көбөйдү

Ооганстанда тумоонун оор түрүнө кабылган балдар көбөйдү

06-январь, 11:37
301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Талибдер башкарып жаткан Ооганстандагы гуманитардык кризистин тушунда миңдеген балдар пневмония жана респиратордук вирустук инфекцияга кабылып, ооруп жатышат. Айрыкча кыш келгени абал курчуп кеткен.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети беш жашка чейинки балдардын тумоолоп ооруканага жаткырылганы былтыркыдан 50%га көп болгонун билдирди.

2022-жылдын декабрында талибдер башкарган өкмөт эл аралык жана бейөкмөт уюмдарда гуманитардык багытта иштеген аялдардын жумушка чыгуусуна тыюу салган. Бул жагдайдан улам 180дей уюм ишин токтоткон.

Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алды. Жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу билдирди. 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер