Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Сыдыкбаев: “Россияга басым жасай берсек, эч кандай өнүгүү болбойт”

Чолпонбек Сыдыкбаев: “Россияга басым жасай берсек, эч кандай өнүгүү болбойт”

06-февраль, 23:10
2 080 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы бийлик тышкы саясатта аброюн көтөрүү үчүн кандай кадамдарды жасашы керек?

-- Тышкы саясат – бул ички саясаттын уландысы. Жаңы бийлик легитимдешкенден кийин ички саясатта сөзсүз өзгөрүүлөр болот. Эң башкысы, ал өзгөрүүлөр социалдык-экономикалык багытта, реформаторлук нукта жүрүп, туташ кризисте, руханий-моралдык депрессияда калган коомго үмүт отун жандырса (!) деген тилек. Ички саясатта коомдун сүрөөнү, тышкы саясатта эл аралык чөйрөнүн колдоосу мамлекет үчүн чоң мааниге ээ. Тышкы саясатта нейтралдык позицияны карманган дипломатиялык доктринаны кайрадан акырындап калыптандыруу учуру келди окшойт. Мындан он жыл мурун Кыргызстан парламенттик жолго түшкөндө Россия баш болуп чычалап, “көрө жатарбыз, восток – дело тонкое” дегендей позицияда сыртын салышкан. Тилекке каршы, биз парламентаризмди кыргыз кыртышына ылайыкташтырып өнүктүрүп, Кыргызстанды “кыздын баласындай” кылып кете алган жокпуз. Тескерисинче, өлкөнү олигархиянын үстөмдүгүндө калтырып, саясый коррупцияны гүлдөтүп, анархиялык абалга жакындаттык. Жыйынтыгында, буга күнөөлүү адам фактору эмес, парламентаризм “крайний” болуп калганы өкүнүчтүү. Биз 10 жыл мурун парламентаризмди тандаганыбыз менен параллелдүү түрдө тышкы саясатта Россиядан чочуп, АКШдан жүз бурдук, ОБСЕнин биздеги миссиясын төмөндөттүк, эми ушул багыттарда да дипломатияны күчтөндүрүшүбүз керек. Бул азыркы геосаясый процесстерде өзгөчө маанилүү.

-- Мисал келтире аласызбы сунуш катары?

-- Жогорудагы Батышты, демократиялык институттарды “игнор” кылган бир беткей тышкы саясаттан улам Кыргызстанга АКШ, Батыш сыртын салып калган. Мисалы, ошол демократиялык дүйнөлүк коомчулук Батыш тарапты бизге жүз бурдуруу үчүн ички саясаттта социалдык-саясый реформалар, алардын максат-милдети, стратегиясы, мазмуну боюнча элге кайрылуу жасоо менен жетишүүгө болот. Мындан ары президенттик башкарууну тандап алдык деп бийликтин вертикалын бекемдегенге жан үрөй бербей, ЖӨАБ системасына бийликти бөлүшүү, бизнеске эркиндиктерди берүү ж.б. багытта токтоосуз аткарылчу иштер алдыда. Батыштан бизге демократияны өнүктүрүүгө, институционалдык реформаларга колдоо керек.

-- Чолпонбек Медеркулович, анткен менен Россия биздин негизги өнөктөшүбүз да? 

-- Аны эч ким танбайт. Негизи, тышкы саясат жүргүзүүдө улуттук кызыкчылык башкы орунда болуш керек. Бирок, ал өлкөгө кол куушуруп, “Кыргызгазды” 1 долларга саттык, АКШ авиабазасын чыгарып бердик, Бажы биримдигине малдай эле айдап кирди. Газдын баасы Казакстанда кубу 4 сом, Өзбекстанда 2,6 сом, Түркмөнстанда 0,004 сом, ал эми Кыргызстанда 16,70 сомдон. Керек болсо “Газпром” өзбек газын бизге транзиттик жол менен ташыганы үчүн оңбогондой пайда көрүп жатат” деген маалыматтар бар. Ошол эле Европа өлкөлөрүнө газдын миң кубун 35-40 доллардан сатат. Ал эми бизге 135 доллардан. Бажы биримдигинде да эң “слабый звенобуз”. Жок дегенде мигранттарыбызга жеңилдик болдубу? Кыскасы, Кыргызстандын Россияга карата жагалданган тышкы саясаты өзүн актаган жок. Анан ушунун баарын “улуттук кызыкчылыкка шайкеш тышкы саясат болгон” дегенге ооз барбайт. Бирдеме болсо эле “Россияда 1 миллионго жакын  мигрантыбыз жүрөт” дейбиз. 2 миллиондон ашык жараны мигрант болуп жүргөн Өзбекстан деле улуттук кызыкчылыктарын курмандыкка чалган жок. Андай нерсе өзбек бийлигинин оюна да келбесе керек. 

-- Алгач Садыр Жапаров Казакстанга Касым-Жоомарт Токаевдин чакыруусу менен барары айтылып, эми болсо Россияга алгачкы иш сапарын жасай турган болду. Мындай эки ача маалыматтын чыгуусун кандай баалайсыз? Президенттик аппарат кош стандарттуулукка бардыбы?

-- Балким, бул президенттин протокол кызматынын алабармандыгы го? Бир чети дипломатияда мындай учурлар көп эле кездешет. Эки мамлекеттин чакыруу мөөнөтүндөгү дал келбестиктен болуп калышы мүмкүн. Маселе – президенттин Россияга визитинин Казакстандан эрте же кеч болгонунда эмес, кеп ал тарапты Кыргызстан мындан ары нейтралдуу тышкы саясат жүргүзөрүнө ага геосаясый, социалдык-экономикалык, саясый-демократиялык, керек болсо илимий-гуманитардык кызматташуунун зарылдыгынан келип чыккан улуттук кызыкчылык негиз болуп жатканына ынандыруу. Антпей, бул бийлик да тышкы саясатта Россиягы басым жасап, анын таасир этүү орбитасынан чыга албай, унчукпай убадаларды берип, дүйнөдөгү башка геосаясый борборлорго сыртын салса, өнүгүү эч качан толук кандуу болбойт. 

-- Талкаланган кадр саясатын оңдоого кандай сунуштарыңыз бар?

-- Теориялык жактан кадр саясатын тар жана кеңири мааниде түшүндүрүүгө болот. Кеңири маанисинде кадр саясаты деп өлкөдөгү кадр саясатына байланышкан расмий кабыл алынган мамлекеттин программаларын жөнгө салуу, артыкчылыктарды, максат-милдеттерди ишке ашырууга багытталган бардык процесстерди түшүнөбүз. Ал эми тар маанисинде болсо, өлкөнүн кадрдык потенциалын көтөрүү, профессионалдык жактан өнүктүрүү максатындагы мамлекеттик саясат. Бул эки аныктама тең бирдей эле мааниге ээ. Мына мен ЖОЖдо студенттерге “Мамлекеттик кадр саясаты” деген сабактан берем. Сен берген суроону алар да беришет, “теорияда баары жакшы, а эмнеге иш жүзүндө мамлекет баягы эле бойдон?” дешет. Теория практика менен дал келбейт, көп учурда адам фактору ж.б. факторлорду айтып түшүндүргөнгө аракет кылам. 

Учурда менин эле эмес коомчулуктун талабы бар, ал – люстрация. Бирок, бир да бийлик андай кадамга барган жок. Садыр Жапаров бийликке келгени 10 жыл мурунку Бакиевдин көздөй кадрларынын “кулагы” ар кай жерден чыга баштады. Бирок, мындай көрүнүш көпкө созулбайт. Садыр Жапаров ээрге бекем отургандан кийин өзүнүн тарыхый жолун тандап (кол үзчүлөрдөн кол үзүп), такыр башка кадр саясатын жүргүзүп, ары патриот, ары реформатор, прогрессивдүү команда топтоп, өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгат деп ишенип туралы... 


"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер