Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мени кыз узатуу салты бактысыз кылды. Күйөөм менен ажырашып кеттим...

Мени кыз узатуу салты бактысыз кылды. Күйөөм менен ажырашып кеттим...

20-ноябрь, 19:41
3 153 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз бай турабыз. Ата-энем кыз узатуу кылышып, дүңгүрөгөн той беришти. Жигитим Марлен ошол күндөн маанайы түшүп, мени үйүнө көңүлү жок алпарды. Алар начар жашаганын мурдатан эле билчүмүн. Бирок сүйүү үчүн тийгем. Кайын энем менен эки бөлмөлүү квартирада жашай баштадык. Марлен күндө наалый баштады. “Мен андай кыз узатуудай той бере албайм, алдыга да түшө албайм” дейт. Энеси да ага кошулуп, ашыкча көп сөздөр айтыла баштады. Суз күндөрдө жашообуз көпкө созулбады. Кайын энем менин апам менен да телефондон урушуп кетишип, мага катуу сөздөрдү айтты. Үйдө кайрадан уруш чыгып, бир айга жетпей ажырашып кетүүгө туура келди. Мен өзүмдүн үйүмө кетип калдым. Марлен артыман келмек тургай телефон да чалып койгон жок. “Мен кедеймин, атасыз өскөм, сага татыксызмын” деп СМС жазып жибериптир. Ошентип, биздин жашообуз бузулду. Балким, кыз узатуу кылбай эле күйөөгө тийгенимде жашай бермек белем?..


Айсулуу, 23 жашта

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер