“Канатбек Исаев ийгиликке, жеңишке жете турган күчтүү, татыктуу талапкер”
“Канатбек Исаев төрагалыкты тапшырып, президенттик шайлоого аттанганын жарыялады. Садыр Жапаровго канчалык деңгээлде атаандаштык жарата алат?”
Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал:
-- Административдик ресурс, күч түзүмдөрүнүн басымы, каралоо-шыбоо саясаты болбосо, шайлоо мыйзам чегинде, акыйкат өтсө, ал президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык жарата алат. Алтургай Канатбек Исаев ийгиликке, жеңишке жете турган күчтүү, татыктуу талапкер.
Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:
-- Канат Исаев Садыр Жапаровго бир топ эле атаандаштык жаратары күтүлүүдө. Анын парламентке эки жолу өткөн партиясы, чүйлүк жердештери, кадыр-баркы, байлыгы бар. Канат Исаев алдыда Садыр Жапаровго канчалык деңгээлде теңтайлашарын көрө жатмакчыбыз. Бирок кыйын го, Жапаровду көпчүлүк колдоп жатат...
Токтогул Какчекеев, сяасат таануучу:
-- Президенттик шайлоого аттангандын арасында түшкө кирбеген адамдар бар. Сокенин кылган иши мамлекеттин түркүгүн, анын кадыр-баркын балчыкка салганы болуп жатат. Ошондуктан кушу да, ити да “президент болобуз” деп талапкер болуп катталышууда. Канат Исаев шайлоого барса, КСДП менен “Республиканы” бириктирүүнүн аракетин көрүшү керек. Ага ошондо гана чоң атаандаштыкка жол ачылат. Бекеринен Садыр Жапарав “мени КСДП колдосо Атамбаевди бошотом” деп айткан жок да. Негизи Атамбаев Алмазбек Шаршенович менен Өмүрбек Бабанов гана мамлекетти туура жолго сала алмак...
"Азия Ньюс" гезити