Эмнегедир сырдуу сезиле бересиз...

(Жамиля Исаевага!)
Байкап көрсөм, кең аймактан чыккан саясатчылардын баары аренадан четтеп калышты. Ар кандай айла-амалдар менен бийлик “тынчытты” окшойт. Аттуу-баштуулардын татыктуу, келечекке кам көргөн сөздөрүн да укпай келебиз. Ушундай баам салдым. Бирок, Жамиля айым, сиз бар экенсиз. Сары Өзөндөн депутат, вице-спикер болдуңуз. Жогору бааладым. Салмактуу, сабаттуу жүрүшүңүз менен алыска барчудайсыз. Жолуңуз мындан да ачылсын! Тилектешмин. Башка коллегаларыңыздай популисттик кадамдарга барбайсыз. Бир калыптагы мүнөзүңүз жагат. Кыргыздын акылман, нарктуу аялзатынын үлгүсүн көрсөтүп келесиз. Эмнегедир сырдуу сезиле бересиз, чын эле. Ички дүйнөңүз бай, керемет окшойт. Жакын адамдай туюла бергениңиз кызык. Ден соолук, ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм! Бактыңыз башыңыздан ашсын! Кудай буюрса, сизди сыртыңыздан колдоп жүрөм. Көп ойлойм...
Байтик
"Азия Ньюс" гезити