Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шерадил Бактыгулов: “Кытай тарап берген грантын ар бир тыйынына чейин көзөмөлдөп, уурдатпайт”

Шерадил Бактыгулов: “Кытай тарап берген грантын ар бир тыйынына чейин көзөмөлдөп, уурдатпайт”

10-январь, 17:00
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 миллиард юань (13 млрд. сомдон ашык) жардам берет. Маалыматка ылайык, 31-декабрда мурда эки өлкөнүн жетекчилеринин деңгээлинде жетишилген келишимдерине жараша, Кытай биринчи макулдашуу боюнча 350 миллион юань, экинчи келишимге ылайык, 650 млн. юань берет. Бул каражатка эки тараптын сүйлөшкөнү эске алынып, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашат. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн келишимге кол койду.

Биз бул туурасында саясат талдоочу Шерадил Бактыгуловду кепке тартып, ойлорун уктук.

-- Жыл жаңырар менен Кытай тараптан 1 миллиард юань грант биздин өлкөгө берилерин уктук. Жагымдуу жаңылык болду. Бирок максаттуу колдонулабы? 

-- Иш-чарага кол коюлганы – Кыргыз Республикасы тарабынан барган Кыргызстандын элчилиги жакшы иштеп жаткандыгынын жыйынтыгы. Бул грант болуп жаткан соң, эң сонун! Грант менен кредиттин айырмасы бар. Алар кредитти көп көзөмөлдөбөйт. Эмнелерди салып, кандай иштерди аткарып жатабыз? Бул жагына көп кызыга беришпейт. “Өзүңөр кандай алдыңар, ошондой аткара бергиле” дегендей көз карашта болушат. Ал эми грант болуп жаткандан кийин Кытай тарап ар бир тыйынга чейин көзөмөлдөп, уурдатпайт. Кытай эли бизге грант бергени – катардагы насыя эмес. Бизге келдиби, ошону менен калат. Негизи борбор калаабызда жолдор оңдолуп жатат. Мисалы, түндүк-түштүк жолу салынууда. Мунун баары Кытайдын грантынын негизинде. 

Албек Ибраимов мэр болгон учурда жети көчөнү ремонттоону кайталап көрсөтүп коюшкан. Ошол жети көчө менен көз жазгырып, акчасын кымырып алууну көздөшкөн да. Биздикилер ал долбоорду өткөрүп жибергени эсибизде. Кытайлыктардан өтпөй калган... Бизге гранттар келгени ушунусу менен жакшы. Өзүнүн максаты менен колдонулат. Экинчиден, 1 млрд. юань бизге карыз катары каралбайт. Биздин бюджеттен бир дагы тыйын кайтарып бербейбиз. Үчүнчүдөн, коррупцияга жол жок. 

-- Гранттар келген убакта көбүнчө кытай жарандары иштешерин да байкап калабыз. Өзүбүздүн жарандарга иш орундары түзүлсө да жакшы иш болмок...

-- Эгер ал иштерге биздин адистер бар болсо, өзүбүздүн жарандар иштешет. Андай адистерге муктаждык жаралса, кытай жарандары тартылат. Мисалы, кытайлыктар жолдорду салып жатканда алар таңкы саат алтыдан баштап техникаларын от алдырып, ишти убагында бүтүрүшөт. Мэр Албек Ибраимовдун учурунда бир-эки кыргыз фирмалары ишти колго алышкан. Алар саат ондордо ишти баштап, төрттө бүтүрүшөт. Техникасы жетпейт. Ошол ишти кытайлыктар 2-3 жума аралыгында бүтүрсө, биздикилер 2-3 айга созуп жиберишет. Бир жагынан “өзүбүздүн жарандар” дебей, иштин сапатын жана мөөнөтүн да караганыбыз оң. Өз убагында ишти бүтүрүшүбүз шарт. Алган каражат жогорку сапат менен Кыргызстанда калабы – ушуга көңүл буралы. Мисалы, мышык кандай өңдө болбосун чычканды кармаш керек. Эгерде “ак мышык сонун, жакшы” дегенибиз менен чычканды бир жылда бир кармаса, бул иш эмес. Биринчи орунда, албетте, иштин сапатын караганыбыз туура. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер