Жаманбаева менен Жоробаев бири-бирине айкашып, акыйкаттын тарпын чыгарышабы?
Омбудсмен кызматына, анын орун басарларына укук коргоочулар, адвокаттар келиши табиятынан шайкеш келмек. Тилекке каршы, бизде бийликке ыңгайлуу адамдар, мурдагы орган “мыкчыгерлери” бул институтка жулунуп келишет. Ошондуктан акыйкат айтылбай, укугу бузулгандар тийешелүү деңгээлде корголбой, көп учурда артка гана кетүүнү көрүп атабыз.
Реалдуулуктан алганда, Жамиля Жаманбаева өмүр бою прокурор, айыптоочу катары иштеп жүрүп, акыйкатчылыкка шайланды. Аталган кызматка карата писхологиялык карама-каршылык ачык байкалууда. Чечмелебесек деле түшүнүктүү. Түрмөлөрдө кыйноого кабылгандарга, укугу бузулгандарга Жаманбаева жарытылуу жакшылык жасаганын байкай алган жокпуз. Саясый куугунтуктарга байланыштуу дээрлик үн катпайт. Майда-барат маселелерге күңк-мыңк болгондон сырткары...
Дагы бир таңгалычтуу жагдай, жакында акыйкатчынын орун басарлыгына УКМКнын экс-жасоолу Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңеш тарабынан шайланды. Бул жигиттин ой жүгүртүүсү да түшүнүктүү. Гумандуулукка караганда күчкө салууга, камакка алууга машташып, басым жасоого ылайыкташкан. УКМК кызматкерлеринин логикасынан, иш мерчеминен карап көргүлө да. Кулк мүнөздү, кесиптик табиятты кантип жокко чыгармак элеңер? А баса, Жоробаев УКМКнын орун басары катары таза иштебегенин Ташиев жазалап, кызматынан айдап ийгени жалганбы?
Жыйынтыгында, акыйкатчы институту кара кылды как жарган калыстыкка, адам укугун чындап коргоо вазыйпасын аткара албай, “эт менен челдин” ортосунда калдыбы? Эл деле баа берүүдө. Жаманбаева менен Жоробаев бири-бирине айкашкан орган кызматкерлери, булар ириде бийликке жаман көрүнүп албоону биринчи планга коюшуп, экинчиден, жеке жан багууга басым жасашып, илең-салаң жүрө беришери шексизби? Сыягы, аты улук мекеменин тарпын чыгарууга багыт алыштыбы? Суроолор көп. Бул темага кайра кайрылып келебиз...
"Азия Ньюс" гезити