Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чабал кадр Орунбай Кочкоровдун таянганы – ИИМдин орун басары Адылбек Бийбосуновбу?

Чабал кадр Орунбай Кочкоровдун таянганы – ИИМдин орун басары Адылбек Бийбосуновбу?

08-август, 09:00
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ооба, ушундай болмок. «Азия Ньюс» гезитинин алдыртан жазганы турмуш жүзүндө төп келишти. ИИМдин соңку коллегиясынан Ысык-Көл ОИИБ начальниги Орунбай Кочкоров сөгүш алды. Милдетин жетиштүү түрдө аткарбаганы, ишиндеги кемчиликтери үчүн. Ээлеп отурган кызматына татыктуу эмес экени тастыкталды. Натыйжада, 9 айдын жыйынтыгы менен дагы баа берилет. Ошондо ордунан козголуп, Ысык-Көл ОИИБден айдалып кетеби? Же аракет кылып, катачылыктарын оңдойбу?

41 жаштагы Орунбай Кочкоров бир чакан районду башкарып, аз убакытка гана өз алдынча жетекчи болуптур. Билими, тажрыйбасы жетишсиз. Уюштуруу жөндөмү, арканды алыс ыргыткан кыраакылыгы купулга толбойт. Чийки, быша элек. Эң кур дегенде үч-төрт РИИБни башкарып, андан соң облустук деңгээлдеги жетекчиликке теминсе жарашмак да, туурабы? Тилекке каршы, бул эргулдун амбициясы аттын башындай экен. Жогору жактагы «крышасына» таянып, кызматында сакталып келатат. Өздүк курам астында урмат-сыйга деле жетишпептир. Ысык-Көлдүн сезонунда тийешелүү түрдө кызмат өтөй албай, мукурап калганы чындык. Ошон үчүн коллегиядан сөгүш алды да. Айрым маалыматтар боюнча, бул чабал кадр ИИМ орун басары Адылбек Бийбосуновго таянары, анын колдоосу аркылуу сакталып турганы айтылууда. Таңгаласың. Кандай гана система болбосун, татыктуулар иштеши керек, ташыркагандар орун бошотушсун да. Мына ушундай өң тааныштык, «жең ичинен» мамиле кылуунун кесепетинен ИИМге көлөкө түшүп, сын-пикирлер жаралууда. Көлүбүздүн сезонунда туристтерди, эс алуучуларды шыктандыра албадык, алардын коопсуздугун, тынчтыгын жогорку деңгээлде камсыздабай, шалаакылыкка алдырдык. Адаттагыдай эле быйыл да кылмыштар арбын катталып, профилактикалык иштер, алдын ала жүргүзүлүүчү таалим-тарбияга басым жасалган жок. 

Кыскасы, баягы эле кайдыгерлик. Мындай шартта Орунбай Кочкоров арызын жазып, ИИМди уят кылбай кете бербейби? Качанкыга чейин эркелеп отурат? Ишин тарта албаганы айкындалган соң, эми ага карата көзөмөл огобетер күчөйт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер