Турат Акимов: “Кармалган саясатчылардын баары баш ийип беришет”

-- Акыркы камоолордун Кумтөргө канчалык деңгээлде байланышы бар? Эгер андай болсо, дагы канчаларына ор казылышы мүмкүн?
-- Тергөө купуясын эки дос гана билет. Алар балким абдан сонун план түзүп, “хор” тергөө өткөрүп, баарын билип, байланыштарын аныктап, үтүр-чекитке чейин изилдеп чыгышкандыр... Лөктөрдүн тагдырларын кенен-кесир чечип, ураалап камап, коё берип, “кустуруп” киришкенине караганда, баары сонун болот.
Дагы канчасы камалат, “чычат”, чыгат – аны эки дос чечет. Анткени бийлик жаңы Конституция боюнча булардын колуна толук кандуу өткөн. Эч ким көзөмөлдөй албайт.
-- Бизде коррупционерлер чындап көппү же алар системанын курмандыктарыбы?
-- Көп. Баарынын калбырында кыңыр кылмыштары толтура. Ошондуктан булар «черный-каралардан» коркуп жана аларга баш ийип келишкен. Бул ыкманы «эл үчүн» деп, эки дос колдоруна аларына ишенем.
-- Мындай камоолор саясый мотивге ооп кетпейби? Дегеле аягы кандай болушу мүмкүн?
-- Биттасы-ям «кыңк» дебейт. Бааары баш ийип, «договорнякка» түшүп берет. Кармалгандардын түшүнүгү боюнча бийлик бүгүн «положенец и с них идет братский спрос».
-- Кармалгандардын тарапташтары да чыга баштабадыбы? Камоолор негиздүү экенине ынандыруу үчүн бийликте жетиштүү далилдер барбы?
-- Тергөө купуясын эки дос гана билет. Канчалык далилдери бар экенин мен кагаздарын көрмөйүнчө айта албайм.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити