Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Айрым депутаттар логикасы, аргументтери жок эле курултайга каршы чыгышууда”

Айбек Мырза: “Айрым депутаттар логикасы, аргументтери жок эле курултайга каршы чыгышууда”

23-май, 19:30
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент көңүл бурууда, бирок курултай маселесин сындагандар көп болууда. Курултайдын артыкчылыгы, кыргыз элине пайдасы тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Негизи курултай мыйзамы кабыл алынышы керек. Буга бир топ  өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, коомчулуктун, депутаттардын сын пикирлерин, ойлорун эске алуу да зарыл. Анткени курултай үч бийлик бутагына кирбейт. Бул жарандардын бийликтен отчет алып, сунуштарын айта турган бир укугу. Кээ бир депутаттар анын маани-маңызын түшүнбөй эле, эч бир аргументтери, логикасы жок эле каршы чыгып жатышат. Менин оюмча, бул элдин көңүлүн башка жакка буруу деп ойлойм. Жылына делегаттар чогулуп, президент баш болгон бийлик бутактарынын отчетун угуп, сунуштарын айтып, баасын берсе эмнеси зыян? Улуттук демократиянын, жарандык коомдун, активдүү жаштардын өнүгүшүнө эле пайдалуу. Соцтармактын да блогерлери делегат болуп сунуштарын айтышсын. 2005-2010-жылдардагы революциялар ошол элдик курултайдын чечимдеринен улам болду эле го...

Конституцияга керек болсо жылына президент баш болгон бийлик бутактары элге отчет берип, иштей албаса кызматтан кетирүү механизмин киргизиш керек эле. Депутаттар да шайлоочуларга отчет бербейт. Иштей албаган депуттарды да чакырып алуу механизми жок. Ошондо бийлик эл алдындагы жоопкерчилигин сезет. Азыр элде толук бийлик жок. Толук бийлик болуш үчүн шайлоо 50%, эгер иштей албаса кетирүү 50% берилиши керек. Салыштырып, жалпылап мисал келтиргенде, элге 50% шайлоо бийлиги берилген, ал эми иштей албаса кетирүү – 50% укуктары берилген эмес.

Ал эми элдик курултай мыйзамы боюнча мен дагы өз сунуштарымды бергем,  10000 жаран элдик курултай чакыруу мүмкүнчүлүгүн, делегаттардын бир жылга шайланышы ж.б. Депутаттардын, коомчулуктун сунушун эске алып, элдик курултай мыйзамы кабыл алынышы керек деп эсептейм.  

-- “Эскичилик, биздин доорго коошпойт” дегендер арбын...

-- Кээ бир жарандарыбыз маселенин маңызына эмес, аталышына карап эле өзүбүздүн саясый башкаруу тажрыйбабызды жерип, “эскичилик” дегендерине таңгалам. “Же бул комплекспи?” деп да коём. Ар бир элдин өзүнүн салты, саясый башкаруу тажрыйбасы, өнүгүү жолу болот. Мисалы, монархия институту Улуу Британияда (Королева Елизавета II), Японияда (император Нарухито) же Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйыны аркылуу Кытай сонун эле өнүгүү жолунда келе жатат. IT тармагы деле, жогорку технологиялары деле өсүүдө. Элдин өнүгүүсү ал элдин ички деминен, тарыхына сый-урмат менен мамиле кылганынан, өзүнө болгон ишениминен, мекенчилдигинен, билиминен көз каранды. Узак убакыттар бою топтогон элдин тажрыйбасында акылмандуулук бар. Ал эми акылмандуулуктун эски же жаңысы болбойт, ал түбөлүктүү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер