Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолундагы кыргыз...
Ооба, туура, ата журтуң бар, элиң бар. Бирок бул экөөнүн бакубаты үчүн бир чоң нерсе зарыл экен. Ата журтуң азаттыкта, элиң көз карандысыздыкта, эгемендүүлүктө болсо гана элиңдин, жериңдин маани-маңызы да, көркү да, бактысы да болот экен.
«Манас» эпосунда жоокер кыргыз эли «бөрү жалдуу кабылан», ал эми Манас болсо, «арстан», «ала барчын бүркүт» делип мүнөздөлөт. Чын эле, кыргыздар тоо бүркүтү сыяктуу эркиндикти сүйгөн эл. Тоо бүркүтү башына томого кийгизилишин каалабайт, чырганын туткуну болгусу келбейт. Дегеле, байыртан берки тарыхыбызга карасак, чоочун үстөмдүккө баш ийбеген бунтарлык, моюн толгоп, каяша айткан кайраткерлик кыргыздын социалдык мүнөзүндө илгертен бар экендигин байкайбыз. Биздин замандын VII-VIII кылымдарынын чектеринде көк түрктөрдүн империясынын үстөмдүгүн кабыл албай, ага каршы тымызын козголоңду даярдап жаткандыгы үчүн кыргыз каганы Барсбек империя күчтөрү тарабынан капысынан түн ичинде өлтүрүлгөн (711-жыл). Көк түрктөрдүн империясы кулагандан кийин анын ордуна орногон уйгурлар империясынын кулчулугуна каршы 20 жыл бою күрөшүп, акыры ал империяны кыйраткан да кыргыздар болгон (840-жыл). Ата-бабаларыбыз чоочун күчтөргө сурак берип жашаган кулчулуктан, керек болсо, өлүмдү артык көрүшкөн. Мына ошондуктан элибиздин ичинде “Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт”, “Эр – намыстын кулу”, “Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек”, “Мал сактаба, ар сакта”, “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү”, “Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт” деген макалдар жашап калган. “Кыргыз эли мындан 2000 жыл илгери кыргыз атагын алып, тарыхый майданда пайда болгон. Ошо күндөн тартып, ал боштондук үчүн миң-миңдеген жоолор менен беттешип келген.
Кытайдын жана арабдын байыркы тарыхчыларынын сүрөттөшүнө караганда, кыргыз эли боштондукту сүйгөн, жоодон коркууну өлүм менен бирдей көргөн каарман, баатыр эл болгон. Байыркы кыргыздардын мыйзамы урушта жоодон корккон аскердин башын кесүүнү талап кылган. Кыргыз эли боштондук үчүн кытай феодалдарына, монгол хандарына, түрк каганатына жана башка залим падышаларга каршы эки миң жыл ичинде токтоосуз күрөшкөн. Кыргыз эли тарыхта дүйнөнү титиретип, эл-журтту канга батырып кеткен гунндарга, түрктөргө, Чыңгызхан баш болгон монголдорго бой бербестен, дайым көтөрүлүш чыгарып турган. Дүйнөнү титиреткен монголдор да кыргыздардын тайманбас эрдигине таңкалып, аларды “Могулустандын жапайы арстандары” деп аташкан. Түрк кагандары болсо “биздин эң күчтүү душманыбыз кыргыздар эле” деп моюнга алышкан. Элдин улуу эпосу “Манаста” да кыргыздардын душмандары бул элдин айбатын, салтанатын көргөндө таңкалгандыгы айтылат. Кыргыздын колун “Бадана кийген баатырлар”, “Соот кийген сонундар”, “Айбатына жан тургус”, “Болот туяк ажыдаар” деп сүрөттөшөт. Кыргыздын эр жигиттери дайым “эл четинде, жоо бетинде” болуп, каармандыктын, баатырдыктын үлгүлөрүн көрсөтүшкөн”. (Рахматуллин К., “Улуу патриот, укмуштуу Манас”. 5-6-беттер.)
Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү” деген макалга карасак, Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүм-туруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган.
Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени «баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду» деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан «айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел» деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула бою дирилдеп, Жакып чал Манаска «айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели» дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: “Кокуй, ата, не дейсиң, жоого, намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Өлбөй тирүү жүргөндө не мураска жетейин, калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!” Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын байланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун ташталканын чыгарат.
Жалпы журттун өзөгүн тепчип өткөн, аны ичтен чыңап, чыйралтып турган өзөктүү, чордондуу идеялары бар болгону үчүн кыргыз эли эзелтеден бери карай эл болуп жашап келе жатат. Ошондой кыргыз элинин тээ байыртан бери карай көңүлүнүн түпкүрүндө, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, туу тутуп келаткан, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык идеясы – бул ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, Ата Журттун көз каранды эместигинин, боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн идеясы. Манас доорунда дал ушундай идеялык-моралдык абсолюттук улуттук эң жогорку дөөлөттү көкүрөк көөдөнүндө, жүрөгүнүн толтосунда көтөрүп жүргөн Манас баатырдын өзү болгон.
Кыргыз эли Евразия континентиндеги байыркы элдердин бири. Ак калпак калк түн-тегинин байыркылыгы менен гана эмес, өзүнүн кылымдардын кыйырларында түзгөн этикасы, этнографиясы, этнопедагогикасы, этномаданияты, жашаган мекенинин ажайып жаратылышы менен да айырмаланат. Ала-Тообуз поэзиянын мекени катары аталат. Акындарга, төкмөлөргө, манасчыларга бай Кыргызстандай өлкө дүйнөнүн кайсы жеринде бар? Обологон обондорубузду, ажайып күүлөрүбүздү айт. Кыргыздар ойногон ордо оюну, тогуз коргоол, кыз куумай, көк бөрү, жорго салдыруу, бүркүт салуу ж.б. сыяктуу спорт оюндары өзүнүн улуттук кайталангыстыгы, кол өнөрчүлөрүбүз жасаган азем буюмдар, ак бозүйлөр, керемет шырдактар, ала кийиздер өзүнүн көз жоосун алган кооздугу жана этноколорити менен чет өлкөлүк меймандарды суктандарып келет. Бозүй, комуз, кымыз өзүнчө бир кайталангыс үчилтик. Эң негизгиси, илгертен бери карай кыргыздын жандүйнөсү адамгерчиликтүү, руханияты гумандуу, меймандос экендигинде.
Тарыхтын узак, татаал, кыйын-кезең жолдорунда, кылымдардын кыйырларында азап-тозокту, ачуу-таттууну, өйдө-төмөндү көп көрүп, бактылуу күндөрдү да, трагедияларды да башынан өткөрүп, (“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырың барбы кыргыз сөөгү жатпаган”), турмуш “тегирменинен” ийленип өтүп, ак калпак калк бу жашоого, адамга, жамаатка, табиятка аярлуу мамиле жасап калган. “Торгойдун жумурткасын көрсөң жарбай жүр, убал болот” дейт баласына кыргыз. Бозүйдүн түндүгүнө уя салып, балапан баскан чабалекейдин “үйү” бузулуп калат деп бозүйүн чечпей, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. “Таш менен урганды аш менен ур” деп жамандыкты жакшылык менен жеңген да, өтүп бараткан чоочун жолоочуну “кудайы конок” кылып, кой союп, үйүнө кондуруп, сыйлаган да кыргыз. Кыргыз жазында айдоого үрөн сээп жатканда “жылуу жерден конуш тап. Мунусу жетим-жесирге, мунусу алсыз карыпка, мунусу курт-кумурскага, мунусу сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага” деп үрөнүн чачып, пейилинин кенендигин, рухунун жоомарттыгын айгинелейт. Элдик рухту алып жүргөн кыргыздын акылман Асан Кайгысы “Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен? Же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен?” деп жан-жаныбарлардын тагдырын ойлоп абыгер чегип турбайбы. Ошону менен бирге эле катаал сыноолордо, жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда кайраттуу, баатыр жоокер боло билген да, катылгандын катыгын берген да кыргыз. “Биздин элди сурасаң, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, балбандар менен билектеш бөтөнчө журт олуя, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган” дейт шер Манас. Ырас, калкыбыз жеңилүү ызасын да тарткан. Бирок кыргыз “Түгөнгөн сайын түтөгөн, түйшүктүү күндө күчөгөн”... Тээ илгертен достук сезимин кастарлап, көптөгөн майда эпосторду бооруна кысып, канатынын алдына калкалап журт кылып, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей келген да ак калпак эл эмеспи.
Кыскасын айтканда, кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында бу жакырчылыкта адам болуп, атуул, жаран болуп жашоого жол көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн, адептик-ыймандык нарктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Ушул жерден бир акылмандын айтканы эске түшөт. “Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушунда жаңылыкка караганда ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп отуруп, кылымдап калыптанган “ак чач” нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет” деген терең ою эске түшөт. Кыргыз элинин идеялык-рухий өзөктүү, уңгулуу кенчтери чынында эле күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багышталган.
Ата-бабалар мурастаган баалуулуктарыбыздын карыбастыгы, ал нарктардын адам баласынын социалдык турмушундагы дайымкы моралдык мыйзам ченемдүүлүктөрдү аркалап тургандыгында. Анан да ал нарктардын жанагындай тарыхтын бороондуу жолдорунда жашоо үчүн болгон күрөштө топтолгон элдик тажрыйбадан жуурулуп жаралып, калкыбыздын канында, жүрөк-жүлүнүндө жашап калгандыгында.
Чынында, калкыбыздын наркындагы эл эркиндигин, Ата журт боштондугун эң жогорку ыйык дөөлөт катары тутунган идеялык салт. Ушул салтты туу тутун, элинин көз карандысыздыгы, бак-таалайы үчүн каруусун казык, башын токмок кылган Манас ата баш болгон жүздөгөн, миңдеген патриот уул-кыздарыбыздын мекенчилдиги, калдайган калк алдындагы, мекен алдындагы парздан, убада-шерттен тайбаган атуулдук жоопкерчилик, сөз менен иштин төптүгү, эмгекчилдик, мээнеткечтик, ар-намыстуулук, адамгерчилик, айкөлдүк, жоомарттык, меймандостук, боорукерлик, адилеттүүлүк, калыстык, канатташ калктарга кучагын жайган достук, улут биримдиги, жарандык ынтымак, жаратылыш менен болгон шайкештик, ата-энени улук жана ыйык катары ардактоо, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, бири-бирине кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара жардамдашуу, каралашуу, жамандык-жакшылыкта кол кармашуу сыяктуу жамаатчылдык (коллективизм), жамандыкты жакшылык менен жеңүү (“таш менен урганды аш менен ур”), барга топук, азга сабыр кылуу, топуктуулук, каниеттүүлүк, материалдык байлыктан рухий байлыкты жогору коюу, өнөр-билимди барктоо, ата-бабалардын арбагын аздектөө, тарыхый эстутумду урматтоо, эл-жерди сүйүү, махабат, ыймандуулук, “кыздын кырк чачы улуу” деп аялзатын сыйлоо өңдүү баалуулуктар кантип түбөлүктүү эмес, кантип өлбөс-өчпөс болбосун жана кантип эскирсин?
Мындай адеп-ахлактын тарыхы жогоруда айтылгандай, тереңге кетет. Бери жагы, кечээ эле XIX кылымда кыргыз жамаатында адеп-ахлактын ал жайы кандай болгондугун 1855-жылы туулган айтылуу Талып Молдо минтип жазган: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу, бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. “Сен бай, сен жарды” дебегени. Ачкөзсүздүгү. “Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба” деп четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. “Тили буруу болбо, ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба” деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат (Талып Молдо. “Кордолгон заманда”. «Ала Тоо», 11,127-бет). Нравалардын ушундай абалын көрүп туруп, Калыгул менен Арстанбек учурунда кыргыздын кызынын уяттуу, уулунун урматтуу, келини келбеттүү, кемпири барктуу, карыясы нарктуу экенин ырга салышкан турбайбы. Ал эми бүгүн болсо, Замирбек Үсөнбаев акын бабаларынын сөздөрүн минтип бекемдеп жататат:
Санай келсе аз элбиз,
Сапаты тунук таза элбиз.
Көрүнүшү аз элбиз,
Көркөм дүйнөсү таза элбиз.
Аккан суудай шар элбиз,
Ар-намысы бар элбиз.
Тартынбаган курч элбиз.
Таланты бийик ырчы элбиз.
Албетте, ушул айтылгандардын баары “кыргыз эли идеалдуу эл экен, кемчилик-кемтиги жок экен” дегенди билдирбейт. Бул жерде ак калпак калктын асыл сапаттары тарабына басым жасалып жатат. Дүйнөдө проблемасы жок эл болбойт. Бул жагынан төмөнкүнү кыстарып айта кетели. Жер үстүндө кайсы гана коомдо болбосун, жарык менен көлөкөнүн, оң менен солдун, жамандык менен жакшылыктын күрөшү, карама-каршылыктардын кармашы жүрүп турат. Мындай процесс мораль жаатына да мүнөздүү. Социалдык турмуш миң кырлуу да, миң сырлуу да эмеспи. Кыргыз коомунда да адептик, рухий-ыймандык асыл нарктарга ар кандай нравалык илдеттердин жармаша, жанаша жүргөндүгүн көрөсүң. Андай илдеттерди элдик моралдык аң-сезим жана нарктуулуктун салты эч убакта кабыл алган эмес жана андай терс көрүнүштөргө каршы активдүү күрөш жүргүзүлүп келген. Адеп жаатындагы илдеттерди жектеп, айыптап ырдап, эл ичинде аларга каршы активдүү иммунитетти жаратуу жагынан айрыкча улуу акындар айырмаланышкан.
Арстанбек «Терме» ырында терс илдеттерге карама-каршы келген сапаттарды, каада-касиеттерди, кечиримдүүлүктү («жамандыкты кечирүү – айкөлдүктүн белгиси»), «адамдын көөнүн оорутпай, аста-секин сүйлөгөн асылдыкты», «туура сөздөн качпаган калыстыкты», «башкага элин сатпаган, журт намысын сактаган көсөмдүктү», «карыны көрсө ызааттаган, эне-атасын барктаган» ыймандуулукту, эбин таап сөз айткан эстүүлүктү, айткан сөзүнөн жанбаган ар намыстуулукту, чакырмайынча үйгө кирбеген, чагым сөздү билбеген адептүүлүктү көкөлөтө даңазалаган.
Дегеле, Чыгыштагы түркүн империялардын курамында жашаган, өзү да империя, каганат түзгөн (Ⅸ кылым), темир, алтын кендерин иштеткен, шаар, чептерди курган (“Манаста” Манастын таш калаасы, капкасы алтын коргон, ак сарайлар, үстүнөн араба жүргүдөй чеп дубалдары жөнүндө сөз болот). Гунндардын аскеринин курамында Европага чейин жеткен, жер бетиндеги ар кандай тарыхый тепкичтерде турган цивилизациялардын, калктардын турмуш образдарына күбө болуп, көп нерселерге көзү ачылган, көчмөн феодализмде (Касым Тыныстанов) узак жашап, бай тыжрайбага, кең акыл-эске, структурасы кыйла татаал ойломго эгедер журт болуп кыргыз калыптанган. Ошондон улам кыргыз “Манастай” поэзия океанын жараткан бай тилге ээ. Ошондуктан кыргыздардын түзгөн, жараткан акылман макал-лакаптары турмуштун миң кырлуу, миң түрлүү сырларын өз кучагына камтып, адамдын акылын айраң калтырып турат. Жогорудагы саналып өткөн адеп-ахлак нарктары улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык да мааниге ээ жана бул баалуулуктар дүйнөлүк ар кандай моралдык документтердин негизине алынууга татыктуу дээр элек. Байыркы кыргыз эли ислам Борбор Азияга келип жеткенге чейин эле аталган адеп-ахлак нарктары менен өмүр кечирип келген жана бул нравалык дөөлөттөр эл-журтубуздун реалдуу турмуштук этикасында жашап, “Манас” баш болгон классикалык көркөм мурастарыбызга сиңирилип, тарыхыбызга тамга болуп басылып, тарыхый улуу инсандарыбыздын өрнөктүү жүрүм-турумунун мотивин аныктап келген.
Феодалисттик, буржуазиялык, капиталисттик жолду басып, өстүк-өнүктүк деген көп өлкөлөр ХХ кылымдын босогосун илгерки элдик, жамааттык түптүү нарктарынан көп жагынан оолактап, пайдакечтик, жеке баштын кызыкчылыгын туу кылган индивидуалисттик жүрүм-турум күтүп, адеп-ахлак бүлүнүүлөрүнө учураган абалда аттап отурушса, ал эми кыргыздар ошол эле ХХ кылымга, илим түшүнүгү менен айтканда, буржуазиялык доорго чейинки коомдук-жамааттык түзүлүшүбүздү негизинен сактап, элдик адеп-ахлагыбыздын, уят-ыйманыбыздын, ата-баба салттарыбыздын цивилизация бузууга үлгүрбөгөн абалында, көп жагынан таза калыбында келип жеттик. Байкасак, биздин өзгөчөлүгүбүз дал ушунда.
Азыркы жер шарын каптаган адеп-ахлак кризисинин контекстинен караганда, кыргыздын ыймандуу адеп-ахлагы, рух кенчтери, коллективисттик нарк-насили, өз ара мамилелердеги гумандуу эреже-салттары уникалдуу кубулуш.
Мына ушинтип, корутундулап айтканда, кыргыз эли өзүнүн узак жана бай тарыхында калктын, жамааттын, инсандын жашоо тиричилигинин түп пайдубалында жата турган адеп-ахлак уңгуларын, моралдык-философиялык жоболорду, этикалык эрежелерди иштеп чыккан. Жогоруда сөз болуп өткөн эреже-жоболор кыргыз калкынын жаны, адеп-ахлагынын архетиптери, субстанциясы, өзөк негизи. Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолунда кыргызды ушул уңгулуу дөөлөттөр сактаган. Ата-бабалардын адеп-ахлагынын ички регулятору болуп келген ушул идеялык, рухий ыймандык нарктар улуу Манас атанын кан тамырында агып, көөдөнүнүдө жүрөк болуп согуп турган. Биз бөлөктөрдү туурачу же көчүрмөчү калк эмеспиз. Кыргыз элинин кылымдарды аралап келе жаткан өзүнүн салттык түптүү, каны-жаны менен бирге бүткөн нарк-кенчтери бар. Ошол нарк-кенчтер кыргыз элинин өмүр-жашоосунун негизин, пайдубалын кечээ да түзгөн, бүгүн да, эртең да түзүүгө тийиш.
Бир гана чоң санаа бар. Капиталисттик – рыноктун өнүгүү доорундагы адамдардын баюу үчүн пайда, акча, бийлик деп араанын ачып акактаган алдым-журтум жорук-жосуну, кооз чүмбөткө жамынган эки жүздүү жасалма жүрүм-туруму, өзүмчүлдүгү цивилизация бүлүндүрбөгөн, жакырлантпаган Манас руханиятыбызды жеп жутуп койбосо экен.
Бирок биз рыноктун жапайы стихиясына улуттук эркибизди каршы коюп, уюшуп, жогорудагы асыл нарктарыбызды сактап кала турган идеологияны изден тайбай жүргүзүшүбүз керек.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити