Акыркы кабарлар
» Саясат » Канча президентке кошомат кылды? Улан Примовдун байлыктары текшерилсе...
Канча президентке кошомат кылды? Улан Примовдун байлыктары текшерилсе...
11-март, 23:22


Ар бир президенттин тушунда депутат болгон Улан Примовду элибиз тереңден тааныбаса да, саясый чөйрө билип калды. Бу киши парламенттен Садыр Жапаровго жагалданып, “пахта койгондой” сүйлөгөнүн көрдүңөрбү? Суроо-жообун так кылбай, айландырып эле мактоого өткөнү кызык. Бийлигиң турганда көзүңдүн кареги менен айланган мындай депутаттардан абайлоо парз. Улан Примов эртеңки күнү башка президентти да алкашы мүмкүн. Ишенбесеңер өткөн чагына карап көргүлө, көмүскөдөн кимдерге гана кошомат кылбаган? Мунун да байлыгын текшерип койсо болобу? Олуттуу суроолор. Убагы келгенде тагдыры жарга асылабы? Баам сала туралы.











