Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ДССУ: Жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат

ДССУ: Жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат

08-июль, 18:47
1 510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгер мамлекеттер ортосунда дары-дармек, вакцина бирдей бөлүштүрүлбөсө, коронавирус менен күрөшүү боюнча илимий жетишкендиктер бир тыйынга татыбай калат. Бул тууралуу ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.

"Вакцина өндүрүү жана таратуу бирдей болбой жаткандыктан, коронавирустун жаңы штаммдары вакцинадан алдыга озуп кетүүдө. Бул экономикалык жактан бутка туруп, кайра калыпка келүүгө коркунуч туудурат", - деди Гебрейесус.

Ал коронавирустан көз жумгандар дүйнөдө 4 миллиондон ашканын айтып, бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

"Калкынын басымдуу бөлүгү эмделген айрым мамлекеттер пандемия бүтүп калгандай чектөөлөрдү ала башташты. Башка өлкөлөргө вакцина бирдей жетпей жаткандыктан, ал мамлекеттерде ооругандардын саны өтө көп болуп жатат", — деген ДССУ башчысы.

Гебрейесус кычкылтек, дары-дармек Азия, Африка, Латын Америкада жетишсиз болуп, өлүм учурлары көп катталып жатканын белгилеп, адамзатты пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырган. Муну менен бирге ал G20 мамлекеттерин пандемияны токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө үндөдү. Гебрейесус сентябрга чейин баардык мамлекеттин калкынын 10 пайызын, ушул жылдын аягына чейин 40 пайызын, ал эми кийинки жылдын ортосуна чейин 70 пайызын эмдөө ДССУнун башкы максаты экенин эске салган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер