Акыркы кабарлар
» Коом » Аксакалдык милдетти аркалап, уча алган статуска жеткен Улугбек Ормонов
Аксакалдык милдетти аркалап, уча алган статуска жеткен Улугбек Ормонов
24-май, 21:06


Баардык бийликтин тушунда Улугбек Ормонов депутат болуп келатат. Баракелде! Мүнөзү оор басырыктуу, интригага аралашпайт, анчейин амбициясы да жок, барга топук кылып, ашкере жулуна бербейт. Мындай сапаттарын эске алып, коллегалары аны Жогорку Кеңештин аксакалы кылып коюшкан. Өзүнүн чөйрөсүндө агалык милдетти аркалап, бата берип, уча алган статуска жеткенине ыраазы. Келечекте улуттун аксакалы болобу? Ал жагын убакыт көрсөтсүн. Айтмакчы, бир топ саясатчыларга караганда Улугбек Ормоновго ажонун көзү түзбү? Бул жагынан да тегин жерден сөз чыкпаса керек...











