Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чындык үчүн чыркырап, бороондорду жиреген Турсунбек Акун

Чындык үчүн чыркырап, бороондорду жиреген Турсунбек Акун

21-июль, 21:23
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргызстанда укук коргоо ишинин жолго коюлушунда жана калыптанышында Турсунбек Акундун ролу зор. Бир учурда Кыргызстандын акыйкатчысынын милдетин да аткарып турду. Ал укук коргоочу катары КМШ өлкөлөрүнүн аймагына белгилүү инсан.

Кыргызстан – Чыгыш өлкөсү. Ал эми биздин чыгышта адам укугунун тез-тез бузулмайы бар эмеспи. Мындай укук сыйлоо, мыйзам сыйлоо маданияты жакшы өнүгө элек чөйрөдө укук коргоочу болуу өтө кыйын. Эске түшүрөлүчү, укуктун таламын талашып, күрөшкө чыккан Турсунбек Акун канча жолу сабалды, канча жолу камалды, канча ирет уурдалды, канчалаган азаптарды тартты, канча жолу бийликке жаман көрүндү?.. Тоңу жакшы эрий элек кыргыз чөлкөмүндө Турсунбек Акун эрте учкан турна сыяктуу. Анын тоскоолдуктарга учурашы турулуу иш болчу. Бирок Турсунбек Акун баардыгына чыдап, адам укугу үчүн күрөшүн өжөрлөнүп уланта берди. Акыры Турсунбектин чындыгы жеңди. Демократия бекемделе берди. Турсунбек Акунга запкы көрсөткөндөр, ушактагандар, бут тоскон чоңдор мезгилдин өтүшү менен дайынсыз жоголушту. Турсунбек Акун өзүнүн укук коргоочулук атагы менен аренада кала берди. “Бетегекетти, бел калды, бектеркетти, Турсунбеккалды”. Ал бүгүн “Даңк” медалынын, “Манас” орденинин ээси болду. Элдин таламын талашкан, кор болуп, ыза көргөндөрдүн укугун коргогон Турсунбек Акун акыры “алтын аяктан” суу ичти. Бүгүн аны Кыргызстанда билбеген адам жок. Турсунбек Акун жаратылышынан эр мүнөз, энергиясы кайнап турган оптимист, күжүлдөгөн күжүрмөн инсан. Көкжалдыгы бар, шар сүйлөйт, жалтанбайт. Анан дагы баладай түздүгү бар, эмоцияга бай. Балача түздүгүң болбосо укук коргоочу болушуң кыйын. Турсунбек – жылаңач баатыр. Жылаңач баатырдыгың болбосо Кыргызстанда адам укугунун коргоочусу болушуң кыйын. Эгерде укук коргоо жагынан мыйзам бузулуп, өлкөдө кыйын кырдаал түзүлсө, “патриотмун” деп төшүн кагып ураалап жүргөндөрдүн көбү кара башын калкалап, коңулга кирип кетиши мүмкүн. Ошондой кырдаалда оозуна “кылчайнап”, ат ойнотуп, “жекеге” деп кыйкырып, ортого чыга турган бир найзакер бар. Ал – Турсунбек Акун. Аныгында, кыргыз элинин чоросу. 

Ал укук коргоо көйгөйлөрү боюнча Ташкентте, бирде Россияда, Кавказда, Иранда, Жакынкы Чыгышта, бирде Европада, Кытайда, Японияда, бирде БУУнун трибунасынан сүйлөйт. Өзүнүн керт башына түшчү коркунучту ойлобой, “аңды-дөңдү карабай, өлөмүн деп санабай”, кызыл чоктун ичине кирип кетет, жылаңач баатыр деген ушу да! Айтылуу Баткен согушунда Зардалыны ээлеп алган, автоматтардан ок бүрккөн сакалчан душмандардын уюгуна өз демилгеси менен тайманбай арачыга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туткунга да алынып, ажалдын оозунан кайра тарткандыгын эске түшүрөлүчү. Жүрөгү “элим, жерим” деп соккон, мекени үчүн башын канжыгага байлаган жүрөгү тоо кашкөй азамат гана коркпой-үркпөй ушундай кадамга бара алмак. Баткен коогалаңында укук коргоочу Турсунбек Акундун изи калды.

Жамандыкты көрүп турсак да, көбүбүз кайдыгербиз. Турсунбек кайдыгер эмес. Анда акыйкат сезими күчтүү өнүккөн. Зомбулукка чыдап тура албайт. Чыдап тура албай, чындыкты коргоп, отко кирип кетип, “канатын өрткө алдырып”, кайра чыгат (бир эле Аксы окуясын эстейли). Аны катардагы Эшмат, Ташматтар “жеңил ойлуу” деп ойлошот. А чындыгында турсунбектер болбосо, турмуш алдыга жылат беле? Үч жолу революция болот беле? Ал түйшүктүү күндө күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн чоро, атуул, патриот! Турсунбек Акундай жылаңач баатыр укук коргоочуну кыргыз жергеси мурда билген эмес.

Бүгүнкү күндө Турсунбек Акун саясый жактан жетилип, өкмөттүк бийлик бутактарында кызмат кылса да боло тургандай кырдаалда турган чагы. Бирок андан чоңдор чочулап турушат. Анткени үлкөндөргө “ляппай” деп колун куушуруп кызмат кыла тургандардан эмес. Ал ачуу сындарды айтып коюшу мүмкүн. Чындыгында анын орду жумшак креслодо эмес, майдан талаасында. Анткени ал – жоокер. Турсунбек Акундун образын төмөнкү ыр саптары менен толуктамакчымын. 


Кощейсиңби, билбейм кандай немесиң?

Чындык ыйлап чыркыраса, жатпайсың

Башкалардай башың катып корооңдо. 

Ыргып туруп, жылаңайлак чуркайсың, 

Төшүң тосуп кар сапырган бороонго.


Кайылболупбарыңмененжогуңа.

Учуп-күйүп укугуңдун жолунда, 

Түшүп анын кызыл жалын чогуна, 

Жети баштуу желмогузду беттейсиң, 

Сен ишенип, жалгыз жааңдын огуна…


Жаныңтынчып жата албайсың унчукпай,

Сергек абийир сени такыр тынчытпай, 

Талашасың акыйкаттын таламын – 

Жумурткасын кара чаар жыландан, 

Арачалап чырылдаган чымчыктай.


Каракчылар далай ирет кол салып, 

ЧөгөрүштүТурсунбектин кемесин. 

Жоготушса кайра туруп келесин, 

Кощейсиңби, билбейм кандай немесиң?


Кырсык чалса Ата журттун бир жерин, 

Күнбү, түнбү, таштап салып баарысын. 

Жалгыз атың жайдак минип чабасың, 

Чынын айтсам, сен жылаңач баатырсың!


Эл-жеринен жан аяган курусун деп, 

Элим аман, жерим бүтүн турсун деп. 

Желкесине жерин саткан маңкурттун, 

Жебе болуп сайыласың Турсунбек!


Акча, алтынга сатылбаган Турсунбек, 

Сен атуулсуң  рухуң соо, дениң соо, 

Эр Кошойдун салты тирүү өзүңдө, 

Өзүн барда жетим эмес Жетимоо.


Сен тотугуп ызгаарына бороондун, 

Акыйкатчым, Теңир-Тоодо торолдуң. 

Ак мөңгүдөй таза сактап абийирди, 

Шаңшый бергин бийигинен Долондун.


Ырымды аяктап жатып, мына муну айта кетейин: 1980-жылдардын башында мен борбордогу “Тоожылдызы” адабий ийриминин жетекчиси элем. Ошондо Кожогелди Култегин, Алик Акималиев, Турсунбек Акун ийримдин активдүү мүчөлөрүнөн эле. АйрыкчаТурсунбек Акун топ жарып сүйлөп, талкууларга, талаш-тартыштарга жигердүү катышчу. “Болор кулун желеде жулкунат” дегендей, бала баатыр ошондо эле тың болчу. Бир кездеги шакиртимдин бүгүн атактуу укук коргоочу болгонуна сыймыктанам. 65 жаш кутман курагың кут болсун, кымбаттууТурсунбек!


Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор, публицист  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер