Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Президенттик шайлоо таза өтсө, анда сөзсүз түрдө экинчи тур болот”

“Президенттик шайлоо таза өтсө, анда сөзсүз түрдө экинчи тур болот”

26-декабрь, 08:44
1 573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Садыр Жапаровдон башка талапкерлердин президенттик шайлоого карай үгүт иштери алгылыктуу жүрбөй жатканына күбөбүз. Кандай себептерди айта аласыз?” деген собол таштадык. Президенттик кызматка талапкерлердин үгүт иштери кээ бирөөнүкү жайлоодой эле болуп аткансыйбы, түшүнүксүз, качан кыймылдашат?

Бектур Асанов, коомдук ишмер:

-- Садыр Жапаровдон башка талапкерлер анча аракет кылбай жатышат. Биз да муну көрүп атабыз. Биринчиден, Жапаровдо мүмкүнчүлүк бар. Бийлик бар. Акча бар. Экинчиден, мурунку эле бийликтин партиясы, анын катарындагы олигархтар, аткаминерлер бүгүнкү күндө Жапаровго колу-буту жерге тийбей кызмат кылышууда. Ал эми башка кандидаттардан мындай нерсе жок. Бирок, алардын ортосунда биригүү процесси жүрүп жаткан учуру. Алар башка тактика менен иш алып барышууда. Байкашыма караганда, он чакты талапкер жакынкы күндө активдешип башташат. Эгер шайлоо салыштырмалуу таза өтө турган болсо, анда сөзсүз түрдө экинчи тур болот. Мына ошондо “18 талапкердин 17 талапкери Садырга каршы биригет” деген ишенич бар. Ошон үчүн экинчи тур өтө манилүү жана прогрессивдүү күчтөр жеңишке жетишет. 

Атыр Абдрахматова, БШКнын мурунку мүчөсү:

-- Мыйзам боюнча ар бир талапкердин шайлоону каржылоо фонду болуусу шарт. Үгүт иштерине, баскан-турганына төлөнөт. Мыйзамдарга ылайык ар бир талапкер  шайлоо фондусуна өзү акча салса болот. Ошол эле шайлоо фондуна Кыргызстандын ар бир жараны, кимге боор тартып, колдоо иретинде да акча сала алат. Мүмкүн ушундай шартта Садыр Жапаровдуку бир аз артыкчылык менен алдыга кетип аткандыр. Ал эми башка талапкерлердин шайлоо фондусу жана аларга болгон жарандардын жан тартуусу азыраак болуп жаткандыр. Ушундан улам Садыр Жапаровдуку эл көзүнө көрүнүп атса керек. Үгүт иштери жүрүп, эл менен жолугушуп жаткан учурда да ар бир талапкер өзүнүн шайлоо фондусуна акча чогултканга толук кандуу укугу бар, мейли бир сом, мейли миллион сом болсун. Үгүт иштери жаңы эле башталбадыбы... Мүмкүн башка талапкерлер акыркы күндөргө атайын калтырып, активдеше башташат. 

Игорь Шестаков, саясат талдоочу:

-- Ооба, Садыр Жапаровдун пиар-кампаниясы салыштырмалуу түрдө берки талапкерлерге караганда жандуу иш жүргүзүп атканы байкалат. Соцтармактарда, телерадиодо дегендей. Эмнеге ушундай жагдай жаралганын жана анын 1-2 себептерин айтканга аракет кылайын. Биринчиси, президенттик шайлоо мурунку шайлоолорго салыштырмалуу өтө кыска мөөнөттө жарыяланып, ага талапкерлер тийешелүү деңгээлде даярдана алышпады да. 2017-жылы эсиңиздерде болсо керек, Өмүрбек Бабанов жана башка талапкерлер президенттик шайлоого үч ай мурун даярданышкан эле. А бу жерде болгону бир айга жетпеген убакыт болуп калды. Экинчиси, Садыр Жапаров – бүгүнкү күндө реалдуу талапкер, бул адамга элдин ишеними беркилерге салыштырмалуу жогору болгону байкалып тургансыйт. Анан албетте, каражат маселеси да абдан чоң роль ойноп атат өңдүү. Садырдын шайлоо фондунда каражат жетиштүү экенин, республиканын булуң-бурчундагылардан өйдө, жадагалса пенсионерлер акча салып атканы баардык жерде айтылып атат. Бул маселе да Жапаровдун шайлоо штабын жандуурак кылып аткан сыяктуу.   



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер