Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлмөй болду

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлмөй болду

28-сентябрь, 18:24
1 689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган. Ушул тапта муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы 8 сом, ал эми маршруттук таксилерде жана менчик автобустарда жол кире 10 сом. Пенсионерлер саат 9:00-17:00 аралыгында 5 сомдон төлөшөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер