Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр КОШАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Бекназаров “Манас” орденинен баш тарткан жалгыз адам”

Кадыр КОШАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Бекназаров “Манас” орденинен баш тарткан жалгыз адам”

20-декабрь, 15:35
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кадыр агай, акыркы жылдары Азимбек Бекназаров менен чогуу иштешип келатасыз. Ал киши Малайзияга элчи болуп кетүү алдында турат. Анын бул кызматка татыктуу, татыктуу эместиги тууралуу маселе дагы деле айтылууда. Элчиликтен башка, мисалы “акыйкатчылыкка барса, иштемек” дегендер бар... 

-- Азимбек Бекназаровду Кыргызстан эле эмес, дүйнө тааныган саясатчы. Ал киши депутат, башкы прокурор болгон. Керек болсо кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн Үзөңгү-Кууш кетип атканда чыркырап турган ушу киши эле. Түрмөгө түшсө да аягына чейин турган. Андан кийин 1916-жылкы кыргынды тарыхый жактан өзүнүн ордуна коюуда бул кишинин ролу зор болду. Ушу күнгө чейин тоо-таштарда чачылып жаткан кыргыздын сөөктөрүн терип, көмгөнгө демилгечи болгон да Бекназаров эле. Ар качан Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн тикесинен-тик туруп келди го. Бул кишиге “Манас” орденин беребиз” дегенде, ал өзү баш тартып, “мамлекет минтип жатса, мага ордендин кереги жок” деп чыккан жалгыз адам Бекназаров болду го! Анан эми аны “татыксыз, жөн эле койбойбу” деп атышат. Пенде болгондон кийин, буту жерде болгондон соң, ар бир адамда кемчилик бар. Анын кемчилиги – чет тилдерин билбегени экен. Өзү айткандай, тилди үйрөнүш кыйын эмес. Мен айтат элем, бул киши элчиликтен башка деле кызматтарга татыктуу. Элчиликке жиберип жатышканы деле туура. Дүйнөлүк практикада “мүйүздүү” саясатчыларды чет өлкөгө элчиликке жиберип келишкен. Мындай практика азыр деле бар. Азикеме ийгилик каалайм! Мамлекеттик деңгээлдеги саясатчы, юрист катары Малайзиянын элин, журтун, тилин, тарыхын, маданиятын тез эле өздөштүрүп, Кыргызстандын ал жердеги кызыкчылыгын коргоого дарамети жете турган адам катары эсептейм.

-- “Курултайдын иштери боюнча президент менен жолугуп жатып, элчиликти соодалашып алды” деген кептер айтылып жатат...

-- Элдин оозун тыя албайсың. “Дүйнөдө сөз эркиндиги жагынан кайсы мамлекет алдыда?” десе, “Кыргызстан” дешет. Бири билип, бири билбей, сөз эркиндигине таянып алып сүйлөй берет. Акыркы 2,5 жылдан бери мен Бекназаров менен чогуу иштедим. Элдик курултай иштери боюнча бир топ иштерди алдыга жылдырууга салым кошту. Бул маселени саясый деңгээлге көтөрдү. Быйыл жайы менен 12700 кол топтоп, Жогорку Кеңешке тапшырдык. Бекназаров “Конституциялык реформага барыш керек”, “Элдик курултайды өзүнчө глава кылып киргизүү зарыл” деген маселени кабыргасынан койгон саясатчы. 

-- Президент менен жолугушуулары, андагы сүйлөшкөн темалары тууралуу кабарыңыз бар беле?

-- Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулары тууралуу мен билбейм. Бирок, ЖМКларда айтылып, жазылып жатты. Эмнеси болсо да сунуш болуп, аны депутаттар колдоп, элчи болуп кетип атканына эмне анча таңкалышты? Түшүнбөйм. Элчи катары да жакшы иштерди жасарына ишенем.


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер