Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азык-түлүк коопсуздугуна кам көрө албаган Улукбек Мариповдун алсыздыгы

Азык-түлүк коопсуздугуна кам көрө албаган Улукбек Мариповдун алсыздыгы

18-сентябрь, 20:35
1 181 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балкондо чоңойгон, экс-депутат атасынын колдоосу менен кызматка келип, саясатка аралашкан министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун күркүрөгөн күздөгү кымбатчылык менен иши да жоктой го? Бул маалда бышыкчылык болуп, түшүм жыйналарын деле билбейт болуш керек. Анын ишенгени айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков NewTV каналына маек куруп, “кумшекер, суумай арзандады” деп бакылдап жатат. Бу министрге туура эмес маалымат беришкенби, же өзү эле билип-билбей таластыктарча мактанып урдура берчү немеби? Жашы деле барып калыптыр, калп айткандан уялбайбы? Азык-түлүк арзандаганын түшүндө эле көрбөсө, “кумшекер, суумайдын баасы түштү” дегени айтылган жерде калып, Бишкектин бир да дүкөнү бааны арзандаткан жок. Кумшекер 46 сомдон 60 сомго чыккан, суумай 100 сомдон 176 сомго көтөрүлгөн бойдон турат. Эл болсо азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүн жөнгө сала албаган “мактанчаак” министрдин кесепетинен кымбатчылыкты көтөрө албай мукурап турган кези. Дегеле кымбатчылыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде “чемпион” болууда. Буга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кам көрө албаган Улукбек Марипов менен Аскарбек Жаныбековдун “салымы” чоң экени талашсыз. Мындай алсыз жетекчилер менен кантип өнүгөбүз?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер