Турсунбек Акун: “Эдил Байсалов ичкен-жеген эмес, жаман иштерге аралашпайт”
-- Турсунбек агай, даражалуу кызмат адамдарынын жардамчы-кеңешчилери да камакка алына баштады. Коррупция менен күрөш, «кустуруу» стратегиясы туура эле багытта кетип жатабы же калпыстыкка жол берилген учурлар да болуудабы?
-- Президент Садыр Жапаровдун, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин дагы коррупция менен күрөшүү стратегиясы, тактикасы туура. Булар мурда жазасыз калгандарды жазалап жатышат. Коррупцияга аралашса, шефинин ким экенине жана Акүйдө иштегенине карабай тийешелүү жазасын ала башташты. Элде “коррупционерлер жазасыз калбайт экен, мыйзамды бузса баары бир жазаланат” деген түшүнүк пайда боло баштады. Бирок, “кустуруу” иштеринде да оркойгон кемчиликтер орун алууда.
-- “Кустурууда” кайсы жагынан аксап жатышат?
-- Адам кандайдыр бир кылмыш жасап, мамлекетке чоң зыян келтирсе, ага иш козголсо, ал айып пул төлөгөнүнө карабай сөзсүз түрдө сот аркылуу жазасын алышы керек. Айып пул биротоло актаганга шарт түзбөй, жазасын жеңилдеткенге гана көмөкчү болушу шарт. Мыйзамда да “айып пул жазаны гана жеңилдетет” деп жазылган. Тилекке каршы, айып пул төлөгөндөр камактан эле чыкпай, акталып кетип жаткандары оркойгон кемчилик болууда. Ошон үчүн Садыр Жапаров баштаган бийлик “кустуруу” тактикасын өзгөртүп, коррупционерлерге чараны катаалдатышы керек. Айып пул төлөгөнүнө карабай камала турган кылышы зарыл. Камалбаса, коррупционерлерге айып пул төлөгөн сабак болбойт.
-- Бирок, ара-чолодо мурункудай колтийбестик жоктугуна, жазасыз калбашына ишенип, качып кетүүнү туура көргөндөр да бар. Алар боюнча кандай пикирдесиз?
-- Коррупциялык күрөшкө чыдабай, “чет мамлекетке качып кетем” дегендер болсо, алардын күнөөсү бар. Күнөөсү бар адам гана качат. Күнөөсү жок адам камалса, сабалса да актыгына ишенип, чыдап, өз мекенинде калат. Качкан адамдардын баарын “күнөөлүү” дей берсек болот. Президенттер баш болуп качканын көрүп эле жатпайбызбы. Алардын да күнөөсү тоодой. Ошон үчүн качышты да.
-- Айтмакчы, Эдил Байсалов “бийлик таза иштеп жатат” деген пикирин айтыптыр. Ынансак болобу?
-- Эдил Байсалов ошол жерде бир топ убакыттан бери иштеп келет. Күнүгө президент менен да, министрлер кабинетинин башчысы менен да жолугат. Ал таза иштеп жатканын билгени үчүн айтты да. Анткени, Эдил өзү таза жигит. Ичкен-жеген эмес, жаман иштерге аралашпайт. Өзү таза болгондон кийин акактай көз карашы менен башкаларды да карайт. Ак иштеп жатканына ынанган үчүн айтып жаткандыр. Мен Эдилди жаш кезинен бери билем. Бизден тарбия алып, өсүп келе жаткан жаш саясатчылардын бири. Ошондуктан, Эдилдин көз каршын кандайдыр бир деңгээлде колдойм. Анткени, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев башында турган бийлик мурункуларга салыштырмалуу таза аракеттерди көрүп жатат. Себеби, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев канчалаган кыйынчылыктарды көрүштү. Оор мезгилдерди баштан өткөрүштү. Камалды, сабалды, басмырланышты, караланды, жаманатты болушту. Кыйынчылыкты көргөн адамдар жаман иштерге барат деп айталбайм. Булар “кыска аралыктын ичинде эл үчүн иштеп берели, экономиканы көтөрөлү, карыздардан кутулалы” деп аракеттенип жатышат. Мен ат тезегин кургатпай өкмөттүн, президенттин аппаратына адам укугу боюнча барып турам. Мурдагы иштеген президенттин аппараты менен азыркы президенттин убагында иштеген аппараттын айырмасы асман менен жердей. Анткени, булар өтө ылдамдык менен баратышат. Болгону, “шашкан – шайтандын иши” сыңарындай, жардан жыгылып кетпеш үчүн сапаттуу жана элге жагымдуу боло турган жыйынтык чыгара иштешсе экен. Негизи президент Кыргызстандын улуттук элитасынын башын бириктирип, айрым жагдайларды алар менен кеңешип, анан чечим кабыл алса, жакшы жыйынтык болмок. Кыргызда “кеңешип кескен бармак оорубайт” дейт го? Ошон үчүн улуттук элитаны баш коштуруп иштесе, сөзсүз жакшы жыйынтык берет деп ойлойм. Өздөрү эле бүткөрө салалы деп жыйынтыгын чыгарганча шаша беришсе, катачылыкка жол берилип кетиши ыктымал. Ошон үчүн кандай маселе болбосун бийлик элдин пикирин да эске алып, сабырдуу, салабаттуу иш жүргүзүшү керек.
-- Ширшовдун “Максимдин каткан акчасын билем” деп Кыргызстанга келгени бийликти жаманатты кылып койбойбу?
-- Шировдун үстүнөн 2010-2011-2017-жылдары 7-8 кылмыш иши козголуптур. Эми ошол козголгон иштерди укук коргоо органдары аягына чыгарышы керек. Маани бербей койбош керек. Себеби, Ширшов жүргөн жерде жакшы иш болбойт. Мунун аты кайда болбосун ызы-чуу менен коштолот. Айтайын дегеним, Ширшов Максимдин акчасын бетине кармап, улутташтырылып кеткен объектилерин менчиктештиргенге аракет кылып жатат. Кыскасы, Ширшовдун аракети азыркы бийликти каралаганга шарт түзөт. Ошон үчүн Ширшов татыктуу жазасын алышы керек.
-- Ал жазаланмак турсун, “акчасын адалдаганы, акталып кеткени келди” деп жатышат го?
-- Акчасын адалдап кете албаса керек. Анткени, президент, УКМКнын башчысы да коррупцияга каршы иштеп жатышат. Башкаларга колдонулган катаал мамиле Ширшовго да сөзсүз колдонулат деген ойдомун.
"Азия Ньюс" гезити