Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымжан Козубаев: “Үч баштуу ажыдаардын бир башын кыя чапканга үлгүрдүм”

Алымжан Козубаев: “Үч баштуу ажыдаардын бир башын кыя чапканга үлгүрдүм”

07-апрель, 01:15
3 026 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган, полковник Алымжан Козубаев менен учур кырдаалына жараша азыноолок маектештик. 

--Дүйнөнү пандемия каптап, илим, технология өнүккөнүнө карабай кыйын кырдаал жаралды. Кандай ойлойсуз, кайсы туңгуюкка барып такалчудайбыз?

--Адамзаты Жер Энеге ыплас мамиле кыла баштаган... Ар кандай кен байлыктарды казып, айдоо аянттарына химиялык жол менен залал келтиришип, анан толгон-токой чирибей турган таштандыларды суу, көл, мөнгүсүнө карабай таштап, түтүнгө бөлөп, жерибизди ооруттук... Ал аз келгенсип адамдардын пейили бузулду, руханий баалуулуктарга сокку урулуп, арам менен адалдын чек арасы жокко эсе болуп калды. Бүт нерсе акча менен гана бааланып, адамгерчилик азайды. Жер шары титиреди, цунамилер болуп, суу ташкындады, вулкандар атырылды, катуу суук болуп тоңдурду, шамал-куюн кылып да көрдү, бирок ууланган жер өз иммунитети менен айыга албай калды. Адамзаты тийешелүү жыйынтык кыла албады, бул учурда Жараткан Кудай коңгуроо какты...

--Учурда эмне кылып атасыз?

--Мыйзамды так сактаган жаран катары үй-бүлөм менен үйдөн чыкпай отурабыз. Жумасына бир жолу азык-түлүккө барып, калган убакта үйдө шашки, шахмат ойнойбуз, кичүү балам менен алышып-күрөшмөй... Кино көрөбүз, тамаша, күлкү, чер жазмай иши кылып. Аялым күндө ар түрдүү тамак жасап, биз тамшанып жейбиз (күлүп). Кудайга шүгүр. 

--Сиз тажрыйбалуу кадрсыз. Бирок, убактылуу бош жүргөнүңүз жарашпай турат. Кызмат сунуштоо болсо барасызбы?

--Албетте, оор учурда өкмөт кайсы жакка жиберсе да иштегенге даярмын. Билесиздер, Коопкеңеши такталбаган маалыматтарды негиз кылып, мени “сакральная жертва” кылышкан да. Жумуштан кеттим. Бул эми өзүнчө тема, буюрса, эртели-кеч чындык чыгат. Сөзсүз ушул жагдай боюнча кеңири фактылар менен токтолом. Убагы келет. Кыскача айтканда, мен «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жана Мамкаттоо кызматындагы коррупцияга каршы күрөшүп, үч баштуу ажыдаардын бир башын гана кыя чаап үлгүрдүм. Мени коррупционерлер ута алышкан жок, жалгыз болуп калдым...

Тилекке каршы, президентибизге мамлекеттик органдар жөнүндө так маалыматтар жетпей жатат. Ал киши койгон тапшырмалар бурмаланбай так аткарылса, Кыргызстаныбыз тез эле өнүкмөк...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер