Акыркы кабарлар
» Саясат » Тазабек Икрамов Жалал-Абадга губернатор болсо, “бардакты” жөнгө салса керек
Тазабек Икрамов Жалал-Абадга губернатор болсо, “бардакты” жөнгө салса керек
10-март, 19:38


Өлкөдө тазалануу саясаты жүрүп жатпайбы. Бул багытты колдоо таризинде экс-депутат Тазабек Икрамов Жалал-Абад облусуна губернатор болууга ашыкса, айрым күчтөр көралбастык кылышып, бут тосуп коюшканы каңкууланды. Акүйдөгүлөр арканды алыс ыргытышса не? Аныгында Тазабек Икрамовдун шайлоочуларынын астында кадыр-баркы жакшы, эки ирет депутат болгон. Дал ушундай артыкчылыгы, каяша айтканы үчүн ал куугунтукка алынып келди. Бир эсе саясатчы катары да бышып калды. Ушу тапта губернатор кылып койгондо, бийликке чоң таяныч катары из салмак окшойт. Азыр да кеч эмес. Тазабек Икрамовдун уюштуруучулук жөндөмүн, тажрыйбасын пайдаланып, Жалал-Абаддагы “бардакты” жөнгө салса болот беле?











