Жусуп Мамайдан жүз үйрүп кеткен Тынчтыкбек Чоротегиндин “бурулушу”
Тарыхчы, илим доктору, журналист Тынчтыкбек Чоротегин төрт-беш жыл Жусуп Мамайдын “Манасын” рекламалап, илимий конференцияларды Бишкекте, Ошто, Нарында, Таласта өткөрүп, конференциялардын материалдары жарык көрүп келчү. Анын “Манас” дүйнөсүндөгү орду башка манасчылардан өзгөчө белгиленип келаткан. Анан эле дымып калышты. Көрсө, Жусуп Мамайга бөлүнгөн акча түгөнүп, Тынчтыкбек Чоротегин “Азаттыктын” дежур эскерүү жазгычына айланып, бүшүркөй жүрүп калган кези беле?..
Ошондон көп өтпөй ороңгу жүрүш башталыптыр... Жылдыз Орозобекова деген филология илимдеринин доктору “Жусуп Мамай Манасты кытай кылып таштаган” деген пикирин жарыялап, бир айтып тынчыбай, “Жусуп Мамайдын варианты жарабайт” дегенге чейин барды. Жылдыз Орозобекова буга чейин каякта, эмне кылып жүргөнүн билбейт экенбиз. Бирок улуу залкардын көзү өткөндөн кийин, анын атына көлөкө түшүрүү аракеттери болуп жатканы жакшы эмес. Жусуп Мамай тирүү кезинде Темирбек Токтогазиев, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу дагы башкалары Кытайга чейин барышып, а кишинин этегине тооп кылышып, жүгүнүшүп, пайгамбарга кол берип келгендей эле өздөрүн пиар кылышканын унуттуңарбы?
Жусуп Мамайдын акчасын бапыратып чачып, үстү-үстүнө конференцияларды өткөрүп жүргөн Тынчтыкбек Чоротегин Жылдыз Орозобекова баштаган чатакка чекит коё турган конференция уюштурабы, же “көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” деп башын коңулга катып жата береби?..
"Азия Ньюс" гезити