Сабалган кайран мигранттар
Мигранттарыбыздын сабалып, өлтүрүлүп, зордукталып жатканы азайбай келет. Буга байланыштуу дагы бир оор окуя катталды. Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.
Полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Ал эми жогорудагы окуядагы кыргыз жараны бетинен жаракат алган. Ал ошол жерден эле полиция кызматкерлерине карата арыз жазган. Маалыматтарга караганда, ур-токмокко алган полиция кызматкери “Аэропорт” ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп чыккан.