Акыркы кабарлар
» Коом » Эмнеге суукта баш ооруй баштайт?
Эмнеге суукта баш ооруй баштайт?
30-ноябрь, 12:05
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Абанын температурасы дароо муздаары менен айрым адамдардын башы ооруй баштайт. Невролог, нейрофизиолог Александр Будик муну теринин рецепторлорунун сезимталдыгы менен түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.
"Бул организмдин температуралык көрсөткүчтөргө реакциясы. Баштын терисинде рецепторлор жайгашкан. Сезимталдык жогорулаган сайын алар суукта ашыкча дүүлүгө баштайт. Ошол себептен баш оорушу ыктымал. Кан басым жогору болгондо да оорушу мүмкүн. Ошондуктан аба муздаганда баш кийим кийүү зарыл” дейт дарыгер.