Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтматовдун атына тоскоолдук жараткан Бакытбек Нарбеков, Бектур Сагынбаев кызматтарынан кетсин!

Айтматовдун атына тоскоолдук жараткан Бакытбек Нарбеков, Бектур Сагынбаев кызматтарынан кетсин!

31-май, 20:27
2 104 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго!

Урматтуу кыргыз элиме!

Кайрылуу

Парламент жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштагы мыйзамды алымча-кошумчасы менен өзгөртүп, 2021-жылдын 22-декабрында бир добуштан колдоп беришти. Ошол эле мыйзамды президентибиз колдоп, жаңы жылдык жакшы маанай, тилек менен 2022-жылдын 21-январында кол койду. Муну кыргыз эли кубануу менен кабыл алдык. Өлкөбүздөгү жер-суулардын, айыл-кыштактын, район-шаарлардын жаңыча аталышы – коомубуздагы жаңыча өзгөрүү экенин туура түшүнүшүбүз керек. 

Бүгүнкү күнгө чейин Чыңгыз Айтматов агабызга бүткүл дүйнө жүзү, анын ичинде Батыш өлкөлөрү жана Түркия мамлекети өзгөчө көңүл буруп, эс алуу жайларына, көчөлөрүнө, борборлорго түбөлүк эстелик орнотуп жатышат. Бул кыргыз эли үчүн чоң сыймык.


Урматтуу кыргыз элим!

ХХ кылымдын жана заманыбыздын залкар жазуучусу, акылман ойчул агабыз Чыңгыз Айтматовдун атын Талас облусундагы киндик каны тамган Кара-Буура районуна коюу демилгеси 2022-жылдын 26-январында көтөрүлдү эле. Ал демилгенин тобунда Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн, зор эмгеги сиңген Аскарбек Молдобаев, Сакен Нурмамбетов, Алтай Бөрүбаев, Абдылдажан Акматалиев, Сабырбек Жумабеков жана топтун башчысы, мен Жыпаркул Тургуналиевдер президент Садыр Жапаровдон бир добуштан сурандык эле, президент колдоп, өз көзөмөлүнө алган. Бирок ачык айтууга туура келди. Бетке айткандын заары жок! Талас облусундагы президенттин өкүлү Бакытбек Нарбековдун жана Кара-Буура районунун акими Бектур Сагымбаевдердин кош көңүлдүгүнүн натыйжасында жана кайдыгерликтеринен ушул күнгө чейин керектүү кагаздар, баардык айылдык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришкен токтомдору президенттин көзөмөлүндө турганына карабастан, тийешелүү жогорку органдарга жөнөтүлбөй жатканын өз көзүм менен көрдүм. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Өзүңүздөр беш колдой билесиздер, тоо арасындагы кичинекей 6 миллион калкы бар Кыргызстанды 177 мамлекетке тааныткан агабызга тоскоол жаратып жаткандарды Чыңгыз Айтматовдун арбагы уруп кетерин катуу эскертебиз! 

Мына, президент Садыр Жапаров эч кандай Баткен, Лейлек эли сунуш киргизе электе, жеке өзүнүн буйругу менен Исфана шаарын Раззаков деп аталуусун парламенттен сураган. Парламент бир добуштан колдоп берип, Раззаков шаары деп аталып, эң сонун иш жасады. Ал эми ошол эле өкүл Бакытбек Нарбековдун эң чоң күнөөсү – президентке кайрылган каттын жана демилге топтун мүчөлөрү кол коюп суранышкан кагаздын көчүрмөлөрүн бир дагы айылдык кеңешке жөнөткөн эмес. Мен муну айылдык кеңештин төрагалары менен жолукканда көрдүм. Ушундай кемчиликтер жөнүндө угуп, 18-апрель күнү Бакытбек Нарбековго телефон чалдым, алган жок. Андан кийин голосовое сообщение жөнөтүп, катуу айттым. 

Бул демилгеге Бакытбек Нарбеков кайдыгер болбой, керек болсо өзү да демилге көтөрсө жарашат болчу. Мына Бакытбек Нарбековдун деңгээли! Президент кол коюп, жарлык чыгып калса, Ч.Айматовдун таасири бир эле районго эмес, бүткүл Талас облусунун өсүп-өнүгүүсүнө чоң таасири тийет эле жана өсүп келе жаткан муундарыбыздын келечегине эң сонун өбөлгө боло турганы ачык сөз. Биздин демилге топтун эң негизги максаты ушул.  

 Бул жигит Таласка башчы болууга жөндөмү жок экенин жана татыксыз экендигин ачык эле далилдеди десек болот. Өкүл болуп дайындалганына бир жыл, эки айдын жүзү болду. Кылган иши нөл! Болгону “Алтын-Альянстын” арам акчаларын туш келди жакка чачып жатат. Ким билет, өзүнө канча “доля” калып атканын? Себеби, бул жигит “10% доля” деген каймана ат менен таанылуу экенин укканбыз. Ал эми Таласта президенттин атасы Нургожо аксакалга жана ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун атасы Омоканга куран окутканы өтө таңкалычтуу болду. Садыр мырза, же Улан мырза шарты жок болуп суранышты беле? Ошон үчүн Садыр Жапаров сактап, министр колдоп жүргөн экен деген ойго келдик. СССР учуру болсо ушул кылганы үчүн партиядан чыгарылып, соттолмок. Жакында эле 2-майда Алтай Республикасынан эч пайдасы жок 35 марал (жапайы кунаажындарды асман чапчыган акчаларга) алып келди. Кылган иши ушул. Бул жерде коррупция жыттанып жатат деп ойлойбуз. Ошондуктан айыл чарбасын башкаруу колунан келбегенден кийин, өзүн дагы кыйнабай, элди дагы кыйнабай, Таластан таптакыр жоголсун демекчибиз! Болбосо Чыңгыз Айтматовдун арбагы урат! 


Урматтуу Садыр Нургожоевич!

1. Өлкөнүн өнүгүүсүн жана Талас элинин келечегин ойлобогон, эл аралабаган, эл каалабаган, эл тааныбаган өкүлдүн кимге кереги бар? Кандай дейсиз? 

2. Бүткүл дүйнө жүзүнө Манас атабызды тааныткан Чыңгыз Айтматовго билип туруп кайдыгер мамиле жасаганы үчүн касиети күчтүү Талас жеринде өкүлчүлүк орунду ээлеп турууга татыктуу эмес!

3. Бүткүл дүйнө эли сыйлаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго кайдыгер мамиле жана тоскоолдук кылгандары үчүн Талас облусунун өкүлү Бакытбек Нарбековдун жана Кара-Буура районунун акими Бектур Сагынбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. 

4. Бүткүл Талас элин Чыңгыз Айтматовдун атын Кара-Буура районуна берүү тууралуу колдоого чакырабыз! 


Демилге топтун атынан Жыпаркул Тургуналиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер