Талапкерлер билим деңгээлинен сынак беришпесе, Жогорку Кеңеш базарга айланат!

“Тирүү адамдын жандүйнөсүндө, жүрөгүндө, канында коомдун өмүрү кошо өмүр сүрөт, ал коомдун кесели менен ооруйт, ошонун касиретинен азап чегет. Коомдун тазалыгы менен өмүрүнүн гүлү ачылып, ошонун бактысы менен көшөгөсү көгөрөт” деп айткан орус адабий сынчысы В.Г.Белинский.
В.Г.Белинский айткандай, депутат болуучунун жандүйнөсүндө, жүрөгүндө, канында коомдун келечеги жашап турбаса, 30 эмес, 300 аял депутат болуп келсе дагы карыз коомчулугу оң жолго түшпөйт. “Баягы, баягы, Байкожонун таягы” демекчи, кайра эле диплом сатып алгандар, чала сабаттар, партиянын атына жамынып шайлоочунун добушун сатып алгандар келет. Ошондуктан, “Жогорку Кеңешке кимдер депутат болуп келет?” деген маселени алдыга коюу керек. Андыктан, депутаттыкка талапкерди округдун шайлоочулары кыргыз тилинен жазуу жүзүндө, адабияттан, тарыхтан жана жалпы билим деңгээли боюнча сыноодон өткөрүшү керек. Сыноодон өткөнү гана шайлоо бюллетенине киргизилсе, илим-билимдүү, улуттук сезими күчтүү нукура кыргыздын уул-кыздары келет. Антпесек, баары бир Жогорку Кеңеш базар болуп калат!
Кымбаттуу, “Азия Ньюс” гезитинин редакциясы! Сиздер менин ЖКнын депутатын шайлоо боюнча айткан ой-пикиримди 2024-жылдын 22-август санына жарыя кылгансыңар. Бирок, бул сунуш боюнча аттуу-баштуулардан эч кимиси ооз ачкан эмес. Кыргыздын эртеңки келечегин эске алуу менен ЖКга депутат шайлоонун жаңы тартиби боюнча “Азия Ньюс” чоң талкуу уюштуруп, элдин көзүн ачып, сезимин ойготсоңор, Манас атанын арбагы ыраазы болот эле.
Сиздерге ийгилик каалап,
Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы
Тел.: 0706-33-88-04
"Азия Ньюс" гезити