Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимдерди жана дарыгерлерди шайлоо ишине тартууга тыюу салынары эскертилди

Мугалимдерди жана дарыгерлерди шайлоо ишине тартууга тыюу салынары эскертилди

24-ноябрь, 11:42
1 234 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин шайлоого байланыштуу иштерге тартууга тыюу салынарын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-ноябрда парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып эскертти.

Жапаров бийликтин милдети – жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу экенин белгилеп, добуш берүү бекеттери керектүү жабдуу, байланыш жана интернет менен жабдылганын айтты. Ошону менен катар ал коронавирус пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо бекетинде тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керектинин белгиледи.

Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер