Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу эле аял күйөөмдү менчиктеп алды. Эми кантем?

Улуу эле аял күйөөмдү менчиктеп алды. Эми кантем?

31-май, 16:41
1 950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда чоң аялдар жаш балдарды “багып”, өздөрүнө менчик кылып алып, алар кийин үйлөнсө, үй-бүлөсүн бузуп ажыраштырат экен.

Күйөөм Санкт-Петербург шаарында мага чейин өзүнөн аябай улуу аял менен жашачу экен. Биз баш кошуп кыздуу болгонго чейин эле чалып, СМС жазып жүрчү. Акыры ажыраштырып тынды. Азыр күйөөм ошол аял менен чогуу. Кызым байкуш “атам каякта: Атама барам” деп сурай берет. Аябай жүрөгүм ооруйт. Мен кызымды эч нерседен кем кылбайм. Анча-мынча аталарга караганда тың багам. Кудайга шүгүр, баары жетиштүү. Бирок кыз балага деле ата мээрими керек экен. Азыр төрт жашта. Кошуна балдардын укканбы, айтор, азыр мага таарынганда “чоң ата, чоң апама барам, атама кетип калам” деп ыйлайт. Аргам калбады. Кантем?

Айдай
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер